Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Аялды жарым жыл издешкен, уулу сөөктү катып жүргөн

Аялды жарым жыл издешкен, уулу сөөктү катып жүргөн

09-сентябрь, 11:29
4 326 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Ташкент шаарынын кылмыш иштери боюнча Шайхантахур райондук соту өз энесин өлтүргөн жигитке өкүм чыгарды.

Өзбекстандын Жогорку сотунун басма сөз кызматы билдиргендей, айыпталуучу 97-берененин 1-бөлүгү (“Атайылап адам өлтүрүү”) боюнча күнөөлүү деп табылды. Сот айыпталуучунун күнөөсүн мойнуна алганын жана үйлөнө электигин эске алып, аны 10 жылга эркинен ажыратты.

Окуя ушул жылдын март айында болгон. Укук коргоо органдарынын маалыматы боюнча, түнкү саат экилер чамасында жигит апасын бейтааныш адам менен байкап калып, ачуу үстүндө бычак менен мойнуна сайган. Андан соң ал сөөктү «катып койгон» да, эртең менен полицияга апасынын жоголгондугу тууралуу арыз менен кайрылган.

Аялды жарым жыл издешкен. Анын сөөгү уулу көмгөн үйдүн жертөлөсүнөн табылган. Белгилүү болгондой, күйөөсү менен ажырашкан аял эркектерди үйүнө алып келген үчүн уулу менен дайыма урушуп турган.

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер