Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Көк-Жар конушунда эркек киши аялды муунтуп өлтүрдү

Көк-Жар конушунда эркек киши аялды муунтуп өлтүрдү

06-сентябрь, 12:29
3 410 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Киши өлтүрүүгө шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан кабарлашкан.

3-сентябрда эртең менен милицияга Көк-Жар конушундагы үйлөрдүн биринен зомбулук менен өлтүрүлгөн аялдын сөөгү табылганы тууралуу маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге ыкчам-иликтөө тобу барган. Милициялар каза тапкан аялдын өздүгүн аныкташты, ал 1972-жылы туулган М.З. болуп чыкты.

Аталган окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кылмыш кодексинин 130-беренеси  (“Киши өлтүрүү”) менен катталды.

Октябрь  РИИБнин 4-шаардык милиция бөлүмүнүн участкалык милициялары тарабынан шектүү, 1991-жылы туулган И.Э. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Сурак маалында ал кылмыш болгон учурда мас абалында болгонун, аял менен уруша кетип, аны муунтуп салганын айтты.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер