Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Рита Карасартова: “Аялын ургандарды 5 жылга камоо сунушу – популизм”

Рита Карасартова: “Аялын ургандарды 5 жылга камоо сунушу – популизм”

03-сентябрь, 12:05
4 119 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Башкы прокуратура тарабынан аялын ургандарды 5 жылга чейин эркинен ажыратуу демилгеленип, каралып жатат. Туура сунуш катары ойлойсузбу?

-- Негизи, тиги жерден, бу жерден жулуп алып өзгөртүү киргизген туура эмес. Бул – популизм. Себеби, жакында эле өспүрүм, жашы жете элек балдарды зордуктагандарды биздин улуттук өзгөчөлүктөргө карата чечим кабыл алышыбыз керек (!) деп, ошол эле башкы прокурор айтып жатканын угуп, түшүнүксүз абалга туш болгом. Улуттук өзгөчөлүктөргө байлап, бир зордук-зомбулуктун санкциясын кичирейтип, ошол эле учурда экинчисин башкача кылуу, башаламандыкка жол берүүнүн өзү саясатка байланыштуу катары айтат элем. Артында “мына биз силердин укугуңарды коргоп жатабыз” деген калп саясат жүргүзүү турат. Азырынча сунуш менен толук тааныша элек болгонум үчүн, ал “туура” же “туура эмес норма” деп айта албайм. Себеби, андагы өзгөртүүлөрдүн баардыгын кылдаттык менен карап чыгыш керек. Анткени бир эле норманы өзгөртүп койсо, ал иштеп кетпейт. Бул жерде мыйзамдын иштөө мехинизмдери маанилүү. 

-- Негизи бизде ушул сыяктуу мыйзам канчалык ишке ашышы мүмкүн?

-- Кыргызстандагы улуттук өзгөчөлүктөргө карай турган бослок, бизде “тууган-туушкан, эл эмне дейт?” деген маселенин аркасы менен мындай нормалар иштебей калышы да мүмкүн. Анткени, “балдарымдын атасын каматып койгондон эмне чыгат, чыдап турайын” деген маселелер туулат. Дайыма үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка кылдат мамиле жасаганыбыз ушундан. Бери дегенде эле милиция кызматкерлери оперативдүү келип, “кийинксинде сен камалып кетесиң” деп өзүнүн санкцияларын туура койсо жакшы болмок. Биринчи эскертүү берилиш керек, экинчисинде айып пул салынса туура болот, үчүнчүсүндө камоо ылайык. Ушул процесстердин туура жазылышы зарыл. Ушинтип келип, анан такыр оңолбосо, катуу жазага тартса туура болот. Бул тартип коомдун аң-сезиминде катуу орноп, темирдей сакталышы маанилүү. Кээ бир учурларда декриминализация деген нерселерди туура эмес түшүнүп алып, биринчи окуядан кийин “мынча жылга кесилесиң” деп коёт да, тиги бала андай болорун күтпөгөн жаны ата-энелери, туугандары “балабыз камалып кетпесин” деген түшүнүк менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп башташат. Айрым учурларда биздин күнүмдүк жашообуздагы нерселерди укук коргоо органдары акча табуу булагы катары көрүп алышкан. Ала качуу деле ушундай. “Ала качсаң соттолосуң” деп коюшат, бүттү, ошону менен акчаларын сунуштап, сүйлөшүүлөр башталат да, акырында кыздын өзү күнөөлүү болуп жатып калат. “Кыз көзүн сүзүп, тийишип жатып бала ала качып кетиптир” же тескерисинче, кыргыздын илгертеден бери келаткан салты катары токтойт. Бирок, мунун артында канчалаган тагдырлар талкаланып жатканын көп ойлошпойт. 

-- Үй-бүлөлүк зомбулукка айрыкча аял киши кабылары жашыруун эмес. Мындай учурларда аялдар мыйзам тарабынан корголушу керекпи? 

-- Мыйзам менен сөзсүз түрдө корголушу керек. Бирок, мыйзамды жазып койсо эле механизмдер иштеп кетпейт. Долбоордо милиция кызматкерлеринин кадамы, регламент так көрсөтүлүшү абзел. Азыр булар баардык нерсени талкалап жатышат. Маселен, ур-тепкиге алгандар боюнча ар бир кадамына чейин процедуралары жазылган болчу. Адамдарды ур-тепкиге милиция кызматкерлери алат да, азыр муну тескей турганды башка органга берип койду, “карга карганын көзүн чукубайт” болуп, баягы жазылган мехинизмдердин баардыгы кайрадан жок болуп кетти. Ошондуктан кээ бир учурларда “биз ушундай норма кабыл алабыз” деп популизмге барышат же тескерисинче иштебей турганын өздөрү деле билип, жөн эле мыйзам жазышат. Анткени анын механизмдери, регламенттери жакшы жазылган да, каралган да эмес. 


Анархан Алтымышова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер