Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Коррупция жөнүндө маалымат бергендерге сый акы... Канча миллион?

Коррупция жөнүндө маалымат бергендерге сый акы... Канча миллион?

02-сентябрь, 11:46
3 060 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Коррупция тууралуу маалымат берген адамга сый акы төлөөнүн тартиби жөнүндөгү токтомдун долбоору коомдук талкууга коюлду. Министрлер кабинетинин токтомунун долбоору өкмөттүн сайтына жарыяланды. Анда айтылгандай, бир жолу берилүүчү сый акы коррупциялык мыйзам бузуунун ордун толтурган акчанын эсебинен 10 пайыз өлчөмүндө төлөнөт жана анын суммасы бир миллион сомдон ашпоосу зарыл.

Жемкорлук тууралуу маалымат тийиштүү далил документтер менен бекемделиши талап кылынат. Аларды атайын комиссия текшерип турат.

Жогорку Кеңештин депутаттар тобу 2016-жылы коррупция тууралуу маалымат берген адамдарды коргоо жөнүндөгү мыйзам долбоорун даярдап, коомчулуктун талкуусуна койгон. Анын негизги максаты – жемкорлукка каршы күрөшкө жалпы коомчулукту тартып, коррупциялык мыйзам бузуу боюнча маалымат бергендерге акы төлөө экени айтылган, бирок мындай аракеттен майнап чыкпай турганын, коомдо баканооздук күчөрүн белгилегендер да болгон.

Жемкорлуктун деңгээлин изилдеген “Transparency International” эл аралык уюмунун 2020-жыл боюнча рейтингинде Кыргызстан 100 баллдын 31ин алган. Бул тизмеде балл канчалык аз болсо, жемкорлук деңгээли ошончолук жогору. 2015-жылы Кыргызстандыкы 28 балл болчу.

Соңку кездери ири өлчөмдөгү коррупция үчүн кармалып, кийин тергөө менен макулдашып, акчасын төлөгөн соң камактан бошонуп кеткендер көп болуп жатканы эл арасында талкууга алынууда.


“Азия Ньюс” гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер