Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кой-Таш окуясына күнөөлүүлөр Жунушалиев менен Опумбаев жазага тартылабы?

Кой-Таш окуясына күнөөлүүлөр Жунушалиев менен Опумбаев жазага тартылабы?

05-август, 20:32
2 982 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Кой-Таш окуясына күнөөлүүлөр качан жазага тартылышат? Элди кордоп, сабатып, аткандарга сурак жокпу? Аз күндө бул коогалаңга эки жыл болот экен. Жаңы бийлик кандай кадамга барыш керек?” деген суроо салдык. 

Асел Кодуранова, коомдук ишмер:

-- Кой-Таш окуясына күнөөлүүлөр эртели-кеч жоопко тартылышат. Менин жеке оюмда, буга мурунку бийликтин күч блогундагы чоңдору күнөөлүү. Алар туура эмес кадамдарга барышкан. Ошол эле Кашкар Жунушалиев, Орозбек Опумбаевдердин арты таза болсо, бүгүнкү күндө эч жакка качпай, Кыргызстанда жүрүшмөк. Мүмкүн суракка барып-келип коюп дегендей. Демек, негизги күнөөлүүлөр ушул адамдар. Күнөөсү жок Алмазбек Атамбаев качпай-этпей эле отурат го. Андан сырткары, соттук медициналык экспертиза кайрадан карап чыкканы турат. Анын жыйынтыгы азырынча жарыялана элек. Ошондуктан Кой-Таш окуясы азырынча токтоп турат.

Равшан Жээнбеков, коомдук ишмер:

-- Кой-Таш окуясы кыргыз тарыхындагы оор жана тарыхый окуялардын бири болуп кала берет. Себеби, бул коогалаңга Кыргызстандын эки президенти аралашкан. Бул көрүнүштө адамдар жабыр тартышты. Бул окуя мыйзамсыз жана туура эмес уюштурулган ошол убактагы бийликтин операциясы болгон. Тилекке каршы, объективдүү иликтөө болбой келатат. Мурдагы бийликтин убагында бир тараптуу жазалоо болду. Мен ойлойм, эгерде азыркы бийлик “мыйзамдуу, адилеттүү маселени көтөрөбүз” десе, Кой-Таш окуясына көңүл бөлүп, күнөөсүз адамдарды актап, чыныгы күнөөлүү адамдарды жазага тартса жакшы болмок. А эгерде бул маселе азыр чечилбесе, анда эртели-кеч көтөрүлөт, аягына чыгат, күнөөлүүлөр жазасын алат, күнөөсү жок адамдардын баардыгы азыркы бийликтин убагында акталышат. 

Дастан Бекешов, ЖКдепутаты:

-- Кой-Таш окуясы боюнча башкы прокуратура жаңы жагдайлардын негизинде иштерди ачты. Аны абдан тыкыр караш керек. Менин билишимче, ал жакка бир топ арыздар түшкөн. Аны унутуп койбогон оң. Ошолорду карап чыгып, керек болсо жоопкерчиликтүү кишилерди, туура эмес операция жасаган адамдарды, элге зыян келтиргендерди эске алуу менен башкы прокуратура бул жаатта ишти улантуусу зарыл. Акты “ак” деп, караны “кара” деп ажыратып, күнөөсү жок адамдар акталып, күнөөлүү адамдарды жоопко тартуу – учурдун талабы болуп турат. Муну менен азыркы бийликтин элге болгон ишеними артмак. Күтө туралы, мүмкүн мен ойлогондой болуп калаттыр...


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер