Акыркы кабарлар
» Кылмыш » Баткенден Тажикстанга күйүүчү май өткөргөн түтүк табылды
Баткенден Тажикстанга күйүүчү май өткөргөн түтүк табылды
02-август, 15:58
2 296 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Баткен облусунун Лейлек районунун чек арачылары Тажикстан тарапка күйүүчү майды сордуруп алып кетүү үчүн коюлган түтүктү табышты. Бул тууралуу УКМКнын чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, контрабандага каршы күрөшүүнүн алкагында чек арачылар Лейлектин Интернационал айылында Кыргызстандын аймагынан тажик тарапка кеткен шлангды табышкан.
“Ал жерди текшергенде күйүүчү майдын жана жүк ташуучу автоунаанын дөңгөлөгүнүн издери аныкталган. Тийиштүү иш-чаралардан кийин күйүүчү майды сордурууга коюлган түтүк жок кылынды” деп жазылат маалыматта.