Акыркы кабарлар
» Кылмыш » Үрөй учурган кырсык. Сокулукта жөө адамды унаа коюп, денеси бөлүнүп кеткен
Үрөй учурган кырсык. Сокулукта жөө адамды унаа коюп, денеси бөлүнүп кеткен
02-август, 12:26
2 094 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Маркумдун ким экени тактала элек. Айдоочу Сокулук РИИБине жеткирилген. Окуянын чоо-жайы такталып жатат.
Бишкек–Ош жолунун Шопоков шаарындагы бөлүгүндө жол кырсыгы катталып, жөө адам набыт болду. Бул тууралуу Чүй облустук ЖКККБдан билдиришти.
“Кырсык 31-июлга караган түнү саат 02:00дөр чамасында болгон. “Volkswagen Golf III” үлгүсүндөгү унаанын 22 жаштагы айдоочусу борбор калааны көздөй бара жатып, 35-40 жаш чамасындагы кишини коюп кеткен. Окуянын кесепетинен жөө адамдын денеси бөлүнүп, чачырап кеткен” дешти милициядан.
Маркумдун ким экени тактала элек. Айдоочу Сокулук РИИБине жеткирилген. Учурда окуянын чоо-жайы такталууда.