Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » «Ири суммадагы акчам жок» (Оштогу мүрзөдөн келиндин сөөгүн кайра чыгарышты)

«Ири суммадагы акчам жок» (Оштогу мүрзөдөн келиндин сөөгүн кайра чыгарышты)

21-июль, 20:42
4 695 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Ош шаардык ички иштер башкармалыгы сөөгү мүрзөсүнөн казылып, эксгумация болгон келиндин ишин күйөөсүнүн арызынын негизинде тергейт. Бул туурасында Turmush басылмасына аталган башкармалыктын басма сөз катчысы Замир Сыдыков билдирди.

Маалыматка караганда, окуя Ош шаарында 8-июлдан 9-июлга карган түнү саат 1:30дар чамасында болгон.

«8-июлдан 9-июлга карган түнү саат 1:30дар чамасында Ош шаарынын 1988-жылы туулган тургуну (келин) өзүнүн үйүндө асынып алган абалда табылган. Аны өзүнүн кызы көрүп калган. Ошол жерден кызы туугандарын чакырып, окуя боюнча кабарлайт. Жакындары келип, милицияга кабар берип, асынган жеринен чечишкен.

Келиндин туугандары 9-июлда эртең менен келип, «биздин дообуз жок, сөөктү бергиле, көмөбүз» деп алып кетүүгө аракет кылышкан. Бирок милиция мыйзамдуу өкүлү келсин деп сөөгүн бербейт. Күйөөсү кеч келип, аялынын сөөгүн төркүнүнө алып кетишет. Аялды соттук-медициналык экспертизага берүүдөн баш тартышкан.

Бирок күйөөсү кайрадан 12-июлда милицияга келип арыз жазган. Арызда «үйдө ири суммадагы акчам бар эле. Ошол акчадан эч нерсе калбаптыр. Ошол акчаны бирөө коркутуп алып, акчаларды ордуна коё албай, коркконунан асынып алышы мүмкүн. Бирөө коркутуп, токмоктоп алып кетиши мүмкүн. Өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткириши мүмкүн» деп жазган. Аялынын сөөгүн казып чыгып, эксгумация кылганга арыз берген. 14-июлда келинди мүрзөсүнөн кайра казып алып, эксгумация жасалды. Бүгүнкү күндө эксгумациянын жыйынтыгын чыга элек. Учурда күйөөсүнүн жазган арызынын негизинде Жазык кодексинин 136-беренеси (“Өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү”) менен кылмыш иши козголду. Тергөө экспертизанын жыйынтыгын күтүп жатат.

Каза болгон келиндин үч баласы болгон. Биринчи турмушунан экөө, азыркы жолдошунан бирөө» деп айтылат маалыматта.

“Турмуш кж”

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер