Акыркы кабарлар
» Кылмыш » Караколдо эсин жоготкон адам табылып, каза болду
Караколдо эсин жоготкон адам табылып, каза болду
21-июль, 20:39
4 033 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Караколдо жергиликтүү тургун 21-июлга караган түнү Орозбеков–Крутиков көчөлөрүнүн кесилишинен эс-учун жоготкон адамды тапкан.
Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынан билдиргендей, болжол менен 40-45 жаштардагы эркек кишини “тез жардам” унаасы менен алып кетишкен, кийин ал жандандыруу бөлүмүндө каза болгон.
Маалыматка ылайык, сырткы көрүнүшүнөн зордук-зомбулуктан каза болгондугунун издери табылган эмес. Алдын ала маалыматтар боюнча, өлүм спирт ичимдигинен улам болушу мүмкүн.
Аталган факт боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалып, иликтөө жүрүп жатат.