Акыркы кабарлар
» Кылмыш » Келген конок үй ээсин уруп-сабап, телефонун уурдап кеткен
Келген конок үй ээсин уруп-сабап, телефонун уурдап кеткен
19-июль, 19:14
3 648 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Казакстандын Балхаш шаарында таңкалычтуу окуя катталды. Чала тааныш эркекти үйгө конокко чакырам деген киши жаман окуяга кабылды. Бул тууралуу Казакстандын ички иштер министрлигинин Polisia.kz. расмий сайтында маалымдалган.
47 жаштагы жабырлануучу Балхаштагы полиция бөлүмүнө кайрылып, тааныш эмес эркекти үйүнө конокко чакырганын, ал болсо ырахмат айткандын ордуна үй ээсин уруп-сабап, телефонун уурдап кеткенин айтып арызданган. Келтирилген чыгым 98 миң теңгени түздү.
Бул ишке шектүү делип 44 жаштагы тургун кармалып, ага “тоноо” беренси боюнча кылмыш иши козголду.