Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Шаардык сот Алмамбет Салиевди тергөө абагында калтырды

Шаардык сот Алмамбет Салиевди тергөө абагында калтырды

15-июль, 13:37
4 355 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Бишкек шаардык соту президенттик аппараттын жетекчисинин мурдагы орун басары Алмамбет Салиевдин бөгөт чарасын карап, райондук соттун аны 16-августка чейин камоо тууралуу чечимин күчүндө калтырды.

Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) Салиевди 16-июнда камаган жана ага “Мыйзамсыз баюу” беренеси менен айып койгон. Ал күнөөсүн мойнуна алган эмес.

УКМК Салиев Сооронбай Жээнбеков президент болуп турганда кызмат абалынан пайдаланып, соттордун ишине активдүү кийлигишкени, расмий кирешесине дал келбеген мүлктү сатып алганы аныкталганын маалымдаган.

Ал президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары болуп 2017-жылдын аягынан 2020-жылдагы октябрь окуяларына чейин иштеген. Бул кызматта турганда анын дарегине “бийликтеги таасирдүү адамга айланды, сотторду жана күч органдарын жапырт көзөмөлдөйт” деген сын-доомат айтылган.


“Азия Ньюс” гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер