Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Дача-СУда жаш жигит атасын бычактап өлтүрүп, тез арада көмүп салмак болгондо кармалды

Дача-СУда жаш жигит атасын бычактап өлтүрүп, тез арада көмүп салмак болгондо кармалды

14-июль, 11:59
2 170 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Сокулук районунун Дача-СУ айлында 26 жаштагы жигит атасына 20дан ашык ирет бычак уруп өлтүргөн. Бул тууралуу укук коргоо органдарынан кабарлашкан. 

Аталган маалыматка таянсак, 4-июлда милиция кызматкерлерине Дача-СУ айылынын тургандарынан маалымат түшкөн. Алар айылда түшүнүксүз жагдайда сөөк коюу тажиясы болуп жатканын айтышкан.

Айылдагылардын бири сөөктү жууганы киргенде анын денесинен көптөгөн бычактын тактарын көргөн. Окуя болгон жерге келген милиция тажияны токтотту.

Тергөө маалында 1966-жылы туулган эркекти 1995-жылы туулган уулу бычактап салганы белгилүү болду. Каза тапкан кишинин аялы ошол күнү Бишкекке кеткен. Уулу дайыма арак иче берген атасы менен калып, экөө уруша кетишкенде ал атасына кол салып, бычактап салган жана андан кийин жуунуп, килемди тазалап, ага атасын ороп, көчөгө чыгып атасынын кокустан эле өлгөнүн кошуналарына кабар берген. Ошол эле күнү молдо чакыртып, бозүй тигип, сөөктү тез арада көмүүгө аракет кылган. Учурда кылмыш иши козголуп, шектүү камалды.

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер