Акыркы кабарлар
» Кылмыш » Рейхан Инанды: “Күйөөмдүн кийинки тагдырына кыргыз бийлиги жооптуу”
Рейхан Инанды: “Күйөөмдүн кийинки тагдырына кыргыз бийлиги жооптуу”
06-июль, 17:48
2 936 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌“Сапат” билим берүү мекемесинин президенти Орхан Инандынын жубайы Рейхан Инанды кыргыз бийлиги өз атуулун кайтарып келиши керектигин айтты.
Ал “Азаттыкка” курган маегинде өзү Түркиянын атуулу экенин, бирок күйөөсү бир нече жылдан бери Кыргызстандын жараны болгондуктан, Орхан Инандынын мындан аркы тагдырына кыргыз бийлиги жооптуу деген көз карашын айтты.
“Бийлик катары өз жаранын алып келиши керек да. Муну мен эми аларга айтканым зарыл эмес, бийлик өз милдетин билиши керек. Бул жактан кыргыз жараны Түркияга берилди же уурдалып кетти. Эми бийлик аны кайтарууга тийиш. Бул өлкөнүн макамы жана келечеги үчүн маанилүү маселе да”.