Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Ошто намаз окууга чыккан ата өз баласынын колунан каза тапты

Ошто намаз окууга чыккан ата өз баласынын колунан каза тапты

28-июнь, 16:50
4 109 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Ош облустук соту Ноокат районундагы айылдардын биринде өзүнүн атасын өлтүргөн адамга карата өкүм чыгарды. Бул тууралуу облустук соттон кабарлашкан.

Маалыматка караганда, айыпталуучу Жаныбек (аты өзгөртүлдү Ж.У.) 1989-жылы туулган. Бойдок, мурда соттолгон эмес. Ал райондук соттун 2021-жылдын 15-февралындагы чечими менен Жазык кодексинин 130-беренеси (“Киши өлтүрүү) менен айыптуу деп табылып, 11 жылга эркинен ажыратылган.

Жаныбек өз атасын өлтүрүүнү көздөп, 2020-жылдын 30-ноябрында таңкы саат 5:30 чамасында атасы намаз окуу үчүн даарат алганы чыкканда мал сарайдан кетмен жана мал байлаган жипти алып келген. Андан кийин даарат алып жаткан атасынын артынан барып, башка кетмен менен чапкан. Ал жыгылып калган учурда жип менен муунтуп өлтүргөн. Ал күнү үйдө атасы экөөнөн башка эч ким болгон эмес. Cоттук-медициналык экспертизанын 2020-жылдын 25-декабрындагы корутундусуна ылайык, атасы бетинен жумуру катуу нерсенин таасиринен жаракат алып, жип менен муунтулуп өлтүрүлгөндүгү аныкталган. Жаныбекти райондук сот Жазык кодексинин 130-беренеси (“Киши өлтүрүү) менен айыптуу деп таап, 11 жылга каматкан. Бирок бул өкүмгө райондук прокуратура макул болбой, облустук сотко апелляциялык сунуш келтирген. Прокурор айыпталуучуга карата белгиленген эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү негизги жазага кошумча жаза катары айыпка кириптер кылууну суранган. Соттук отурумда айыпталуучу Жаныбек күнөөсүн мойнуна алып, кылган ишине өкүнөрүн көрсөтүп, жеңилдик берүүнү суранды.

Облустук сот иштин материалдарын карап чыгып, Ноокат райондук сотунун 2021-жылдын 15-февралындагы өкүмүн өзгөрттү. Жаныбек Жазык кодексинин 130-беренеси (“Киши өлтүрүү) менен айыптуу деп табылып, 11 жылга эркинен ажыратылып, ага катар эле 110 миң сом айып пул кошулду. Өкүмгө нааразы тарап Жогорку сотко кассациялык тартипте даттанууга укуктуу.

Турмуш кж
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер