Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Сооронбай Жээнбеков жана командасы Кой-Таш окуясына күнөөлүү экени ачыкталат”

“Сооронбай Жээнбеков жана командасы Кой-Таш окуясына күнөөлүү экени ачыкталат”

12-май, 23:27
1 889 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Кой-Таш окуясы боюнча сотко Сооронбай Жээнбеков менен Кашкар Жунушалиев келбесе, чыгарылган өкүм акыйкатсыз болуп калбайбы?

Назгүл Мамытова, журналист:

-- Кой-Таш окуясы боюнча кандай чечим чыкпасын, акыры бул иш канча бир жылдан кийин кайра каралат деп ойлойм. Убакыттын өтүшү менен тарых өз баасын берет. Кашкар Жунушалиев менен Сооронбай Жээнбеков сотко келишсе-келишпесе да, менимче, чечим даярдалып калган... Айырмасы жок.

Асел Кодуранова, коомдук ишмер:

-- Кой-Таш окуясы боюнча Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту келерки жумада, 12-май күнү биз боюнча өкүм чыгарат. Бул жерде прокурор Алмазбек Атамбаев менен Канат Сагынбаевге 11 жарым жылдан, кыздарга пробация 3 жылдан, Равшан Жээнбеков менен Фарид Ниязовго 10 жылдан сураган. Эми ким билет? Биз “актагыла” эле деп атабыз. Эгер райсотто акташпаса, “бизди актагыла, райондук соттун чечимине каршыбыз” деп Бишкек шаардык сотко беребиз. Ал эми Сооронбай Жээнбековду, Асылбек Жээнбековду, Кашкар Жунушалиевдерди күбө катары чакырганбыз. Алар сотко келишкен жок. Баардык күнөөлөр ошол кездеги бийлик башында отурган адамдар тарапта экенин сезип, келбей коюшту. Бул ачык эле көрүнүп калды.  

Мээрбек Мискенбаев, экс-депутат:

-- Кой-Таш окуясы боюнча сот 6 жылга созулду. Бул аралыкта биз баардык далилдерди, фактыларды келтирдик. Ошол убактагы бийлик башындагы Сооронбай Жээнбеков, анын коркок генералдары Кашкар Жунушалиев, Орозбек Опумбаев жана Алманбет Салиев, Асылбек Жээнбековдордун кылган кылмыштары, эки миңден ашуун жарандарды жарадар кылгандарын бүтүн далилдеп бердик. Сот бизден “12-майга чейин 88 томду дыкат карап чыгайын” деп суранды. А биз болсо “сот акыйкат чечим чыгарат” деген үмүттөбүз. Канткен күндө да, эртеби-кечпи Кой-Таш окуясында Сооронбай Жээнбеков жана анын командасы күнөөлүү экени Кыргызстандын саясый аренасына калкып чыгат. Бул айдан ачык иш. Анткени, баары далилденди, бетин ачып бердик. Мындан күмөн санабайбыз.   


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер