Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Икрам Илмияновдун “Алдамчылык” беренесине “Мыйзамсыз баюу” да кошулабы?

Икрам Илмияновдун “Алдамчылык” беренесине “Мыйзамсыз баюу” да кошулабы?

18-июнь, 20:48
4 022 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Сокенин доорунда Икрам Илмиянов 150 миң долларга айыпталып, “Алдамчылык” беренеси менен кылмыш иши козголуп, аз убакыт түрмөдө отуруп чыккан. Бул эми алдын ала сүйлөшүүлөрдүн “жемиши” болушу мүмкүн. 

Эске салсак, Алмазбек Атамбаевдин бийлиги учурунда Икрам Илмияновдон өткөн таасирдүү адам бар беле? Президенттин жардамчысы, кеңешчиси, аппарат башчысынын орун басары кызматтарды аркалаган. Бүтүндөй чиновниктер, бизнесмендер анын астында ийилип турушчу. Икрам күч органдарын, сот, прокуратура, бажы, салык, тоо кен, энергетика, дээрлик “майлуу” тармактардын баарын тескечү. Ири бизнес долбоорлорду тайраңдай калчап, бул жааттан да каалаганына “крыша” болсо, жакпагандарын жүдөткөнүчү? “Серый кардинал” атка конуп, жети жыл мамлекетти майкандап, эбегейсиз байыганын кантип жашырабыз? 

Андыктан, Икрам Илмияновго “Коррупция”, “Мыйзамсыз баюу” кылмыш иштерин козгоп, мамлекетке “кустуруу” демилгеси көтөрүлсө, жалпы коомчулук кол чаап, бийликтин рейтинги көтөрүлмөк. Учурдагы орган жетекчилерине анын бизнестери, элиталык квартиралары, мал чарбасы, жашырылган мүлктөрү белгилүү го? Президенттин жанындагы эң таасирдүү фигура жалаң айлыгы менен олигархка айлана албайт да, туурабы? Эмесе, ушул өңүттөн тыкыр иликтеп, эңшерилген бюджетибизге уурдаган, коррупциялык жолдо тоногон, коркутуп-үркүтүп чогулткан байлыктарын төктүрбөйлүбү? 

Айтмакчы, Икрам Илмиянов эсепсиз байыгандан сырткары, өзүнө жакпаган адамдарды, ондогон саясатчыларды кор кылып, саясый куугунтукту жүргүзүүнүн “камчысын” чаап турган. Башкасын айтпасак да, ушул эле Садыр Жапаров анын доорунда (2012-2017-жылдары) эки ирет адилетсиз негизде камалган эмеспи. Кантип унутабыз? Убагында зулумдукту көрсөтсөң, бул дүйнөдө жазасын сөзсүз аласың. Себеби, Кудай бар! 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер