Акыркы кабарлар
» Кылмыш » Түркиянын атайын кызматы аркылуу Орхан Инанды өлтүрүлдүбү?
Түркиянын атайын кызматы аркылуу Орхан Инанды өлтүрүлдүбү?
17-июнь, 12:07
3 062 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Жоголгонуна жарым айдан ашкан Орхон Инанды боюнча ар кандай версиялар айтылып, жазылып да келатат. Изделүүдө. Табыла элек. Айтор, Кыргызстанга “Себат” ж.б. окуу жайларды ачкан “гүленчи” ишмердин тагдыры белгисиз. Эмне болушу мүмкүн? Түркиянын атайын кызматы аркылуу аны колго түшүрүп, көп маалыматтарды алгандан кийин өлтүрүп салган жокпу? Ың-жыңсыз болуп атса, ушундай суроо туулат экен да... А кийин ушул божомол чын чыгып калсачы? Түрк бийлигине саясый-идеологиялык жактан каршы “гүленчилердин” Борбор Азиядагы лидери Орхан Инанды эсептелсе, ага каршы күчтөр башка жактан же Америкадан келишмек беле?..
"Азия Ньюс" гезити