Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Урматтуу Курманкул Зулушев, баламдын өлүмүнө орган кызматкерлери кыянаттык кылышты

Урматтуу Курманкул Зулушев, баламдын өлүмүнө орган кызматкерлери кыянаттык кылышты

15-июнь, 15:33
2 216 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кыргыз Республикасынын башкы прокурору Курманкул Зулушевге

Өтүнүч арыз

21-октябрь 2016-жылы Бишкекте жашаган балам Мукашов Бакытбекти иштеген жеринен чакырып, ИИМдин №10 бөлүмүнүн майору Борбодоев Жыргалбек шайкалары болуп кафеде арак ичишкен. Ошол күнү балам киши колдуу болуп өлтүрүлгөн. Анын сөөгү 25-октябрь күнү Бишкектин ГЭС-2 суусунан алынып, моргго жеткирилген. Баламдын 2-3 күндөн бери жоголуп жатканы боюнча арыз жазып издөө салынганына карабай, майор Ж.Борбодоев, Свердлов райондук ИИБнүн тергөөчүсү Чүйтиев, Аламүдүн райондук ИИБнүн тергөөчүлөрү Тентимиш кызы Аида, Л.Арыкова, судмедэксперт А.Качкыновдор 25-октябрдан 31-октябрга чейин моргго жашырып, эч жакка билдирбей, кабарлабай, БОМЖ катары (жанындагы документ, акча, буюмдарын тоноп алышып) денесин көмдүрүп салууга аракет кылышкан. Кайдыгер эмес Төлөгөн дегендин айтуусунан улам баламдын денеси моргдон табылып, айылга алып келип жайына койдук. 

Адам өлүмү болуп атканына карабай кылмыш иши козголбой, качан киши колдуу болуп өлгөнүн далилдеп бир нече жолу Кыргыз Республикасынын ошол кездеги президенти А.Ш.Атамбаевге, башкы прокурор И.Жолдубаева арыздануумдан бир айдан кийин 2016-жылдын 25-ноябрында Аламүдүн РИИБде №58-16-1110 кылмыш иши козголду. Бирок бул кылмыш ишин үч айга жеткирбей Аламүдүн райондук ИИБнүн тергөөчүсү Л.Арыкова 2017-жылдын 25-февралында толук жапкан. Ошентип тергөөчү Л.Арыкова кылмышка аралашкан майор Ж.Борбодоев баш болгон беш адамды “мындан ары жогорудагы кылмыш иши боюнча суралбасын” деп токтом чыгарган. Ушул токтом күчүндө болуп тургандыктан, кылмышка шектүүлөргө бүгүнкү күнгө чейин кылмыштын бетин ачууга тийешелүү иштер жүргүзүлбөй келет. 

Ал эми судмедэксперт А.Качкынов эч далилсиз эле “мастыгынан сууга тумчугуп өлгөн” деп (гистологиялык лабораторияга канын жибербей, өзүнүн лабораториясынан “ыңгайлуу” чечим чыгарган “канында көп өлчөмдө алкоголь бар” деп) денесиндеги тактарды көрсөтпөстөн, “тирүүсүндө алган жана өлүмүнө таасири жок жеңил жаракат” деп эксперттик бүтүм чыгарган. Андан соң тергөөчү Л.Арыкованын заказы менен судмедэксперт А.Качкынов “суудан тумчуккан, денесиндеги тактарды суудан алган” деп экинчи бүтүмүн чыгарган. Бул жерде судмедэксперт А.Качкыновдун чыгарган экспертизасынын жыйынтыктары эки башка болгондуктан, баламдын денесин жайга берүүдөн мурда Ат-Башы айылына келип, Ат-Башы райондук милициясына, Ат-Башы райондук прокуратурасына кайрылып, алардын уруксаты менен баламдын денесин көрүү боюнча Нарын облустук, Ат-Башы райондук судмедэксперттери жана милиция кызматкерлеринин катышуусунда комиссия түзүлүп, денесиндеги тактар толук жазылып, протокол толтурулган.  

Каза болгон уулумдун кызынын айтуусунда, дарбазанын сыртынан атасы бирөөлөр менен урушуп аткан. Денесиндеги көрүнүктүү жаракаттардын баардыгы боюнча иш козгогону менен кылмышка шектүүлөрдөн бул боюнча бир да жолу сурак жүргүзгөн эмес. Мындан сырткары, уулум Мукашов Бакытбектин туугандары жана күбөлөр тарабынан жазылып берилген баштапкы түшүнүк каттар, сурак протокол документтери жана каза болгон уулумдун кошунасынын үйүндөгү видеокөзөмөл кылуучу камерадагы уулум чогуу арак ичишкен адамдар менен үйүнө келгендиги жана баламдын тирүү экени боюнча алынган видеотасманын кассетасы да жоголгон. 

Урматтуу Курманкул Зулушев мырза! Тергөөчү Л.Арыкованын “кылмышкерлер суралбасын” деп чыгарган токтомун жокко чыгарууга жана кылмышкерлерди актагандыгына далил болуучу 22 барактан турган арызым мурунку башкы прокурор Ө.Жамшитов тарабынан жоготулуп, бүгүнкү күнгө чейин жооп жок. Ошондуктан комиссиялык эксперттер аркылуу менин катышуум менен кылмыштын бетин ачып берүүңүздөрдү өтүнөм!


Урматым менен,

Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Кара-Суу айылынын тургуну, 1942-жылы туулган жабырлануучу С.Мукашов 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер