Элчилик Орхан Инандынын аялынын арызын кабыл алган жок
Түркиянын Кыргызстандагы элчилиги “Сапат” билим берүү мекемесинин президенти Орхан Инандынын аялы жолдогон кайрылууну кабыл алган жок. Бул тууралуу дайынсыз жоголгон Инандынын адвокаты Таалайкүл Токтакунова 14-июнда жазган маалыматка шилтеме берип “Барометр” сайтына билдирген.
Анын айтымында, элчиликтин кызматкерлери кайрылууну кабыл алуу үчүн элчинин уруксаты керектигин билдирип, бирок бул уруксат кантип берилерин түшүндүрүшкөн эмес.
“Орхан Инанды – Кыргызстандын жараны. Анын жубайы Рейхан Инандынын буга чейин ал “Түркия элчилигинин имаратында кармалып турган болушу ыктымал” деп билдиргенине жана элчиликтин жанындагы митингдерге элчилик эч кандай реакция кылган эмес. Андыктан Рейхан Инанды Түркиянын Кыргызстандагы атайын ыйгарымдуу элчисине расмий түрдө кайрылуу жолдоого аргасыз болгон” деп жазган адвокат социалдык тармактагы баракчасына.
Орхан Инанды 31-майдан 1-июнга караган түндөн бери дайынсыз болууда. Кыргызстандын коопсуздук кызматтары президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Орхан Инандыны табуу боюнча ыкчам иликтөө иштерин баштаган.