Акыркы кабарлар
» Кылмыш » Он алты жаштагы Бегимай изделүүдө
Он алты жаштагы Бегимай изделүүдө
14-июнь, 12:20
737 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Баткенде 16 жаштагы Бегимай Кенжебаева үч күндөн бери дайынсыз болуп изделүүдө. Бул тууралуу Баткен ОИИБинин маалымат кызматынан билдирип, көргөн-билгендер болсо кабарлап коюуну өтүнөт.
Белгилүү болгондой, Бегимай Кенжебаева 11-июнь күнү саат 06:30 чамасында өзү жашаган үйүнөн белгисиз тарапка чыгып кеткен. Ал ошол бойдон дайынсыз болууда. Бул факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, издөө иштери жүрүп жатат.
Изделип жаткан өспүрүмдүн белгилери: бою 155-160 сантиметр, кашы-көзү кара, орто салмакта. Эгерде кимдир бирөө сүрөттөгү кызды таанып, жүргөн жери тууралуу маалымат билсе, кабар берип коюуну милиция кызматкерлери суранат. Байланыш номерлери: (03655) 5-02-29; 0704-27-64-16