Эсептөө палатасы 1 млрд. сомдук мыйзам бузууларды аныктады
Эсептөө палатасы 90 аудиттик иш жүргүзүп, 1 млрд. сомдук каржылык мыйзам бузууларды жана 1.6 млрд. сомдук сарамжалсыз пайдаланылган каражаттарды аныктады. Бул тууралуу эсеп палатасынын төрагасы Алмаз Акматов парламенттин бюджет жана каржы комитетине билдирген.
Акматовдун айтымында, текшерүүлөр 1824 түзүмдүк бөлүмдөрдө жана ведомстволордо жүргүзүлгөн жана анын 1366сы бюджеттик уюмдар, 251и чарба субъекттери болгон.
Эл өкүлдөрү өткөн жылга салыштырмалуу каржылык мыйзам бузуулар 64%га азайганын белгилешти. Көзөмөлдөөчү органдын башчысы бул көрүнүштү коронавирус пандемиясынан улам пландалган иш-чаралар аткарылбай калгандыгы менен түшүндүрдү.
Талкуунун жыйынтыгында, КР бюджет жана финансы боюнча комитети эсептөө палатасынын төрагасынын отчетун жактырды.
"Азия Ньюс" гезити