Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Жигиттин жакындары: “Сыр эки жаштын ортосунда кетти, эч ким билбей калды”

Жигиттин жакындары: “Сыр эки жаштын ортосунда кетти, эч ким билбей калды”

09-июнь, 12:04
1 136 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Буга чейин Таласта 18 жаштагы кызды атып кетүүгө шектүү жигит асынып алганы маалымдалган. Талгат Анараалы уулу Кара-Суу айылынын Айтпаев атындагы орто мектебинде 10-класска чейин окуп, андан соң борбор калаадагы Бишкек мамлекеттик университетине тил жагына тапшырган. Бул тууралуу SUPER.KG порталына аталган мектептин мугалимдери билдиришти.

“Талгат үч бир тууган, эки эжеси бар. Эжелеринин бири Кыргыз-Түрк “Манас” университетин аяктаган, ал эми экинчи эжеси Ишенаалы Арабаев атындагы окуу жайында окуйт. Апасы акушер, атасы фермер. Апасынын жумушуна байланыштуу алар үй-бүлөсү менен борборго көчүп кетишкен. Ошол себептүү бала дагы мектептен кетип, 9-класстын базасы менен окууга тапшырган.

Окуу онлайн болуп калганда аталган үй-бүлө бул жакка келип, айылда жүрүшкөн. Талгат бизди көргөн сайын жакшы учурашып, чөпкө дагы зыяны жок бала эле. Үй-бүлөсү жана туугандарынын бардыгы билимдүү, жакшы адамдар. Айыл эли бардыгы айраң-таң болуп отуруп калдык, бул окуя кандай болуп кеткенин билбей жатабыз. Балким, тергөөдөн ачыкталар” деп билдиришти мугалимдер.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер