Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Үй-бүлөдө зомбулук көрсөткөндөргө жаза катаалдай турганы айтылды

Үй-бүлөдө зомбулук көрсөткөндөргө жаза катаалдай турганы айтылды

07-июнь, 12:26
1 120 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Жазык-укук жаатындагы мыйзамдарга жана кодекстерге киргизилген жаңы өзгөртүүлөргө ылайык, үй-бүлөлүк зомбулук бир жылдын ичинде эки же андан ашык кайталанса, ал кылмыш болуп саналат.

Кылмышкерге карата беш жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралды. Мындай маалыматты башкы прокурор Курманкул Зулешев бүгүн, 7-июнда сот жана укук коргоо ишин өркүндөтүү маселелерин талкуулаган кеңештин жыйынында билдирди. Анын айтымында, азыр иштеп жаткан мыйзамдарда үй-бүлөлүк зомбулук көрсөткөндөр коомдук жумуштарга тартылып, 30 миң сомдон 60 миң сомго чейин айып пул төлөөгө милдеттендирилген.

Башкы прокуратура бир катар мыйзамдарды жана кодекстерди өзгөртүү тууралуу мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарган.

2019-жылдагы кодекстер менен мыйзамдарды кайра өзгөртүү максатында Жазык, Жазык-процессуалдык, Административдик укук бузуулар жөнүндөгү кодекстердин жаңы редакциясы жана Жазык-аткаруу кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоору 7-майда парламенттин сайтына коомдук талкууга коюлду.

Бөлүшүү:



Тектеш материалдар:

Эң көп окулгандар
“Казакстанда коронавирус катталды” деген билдирүү тарап жатат
(Видео) Индиядан келген дааватчылар милицияга баш ийбей коюшкан
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
“30-апрелде карантин токтосо, 100 миңдеген адамдардын өмүрүнө коркунуч келтиребиз”
(Видео) Садыр Жапаров кудаларына тебетей тараткан тасма тарады
Калдарбек Абдраманов: “Эч кандай экинчи-үчүнчү толкун жок, болбойт дагы!”
(Видео) Молдокенин моокум кандыра албаган тасмасы...
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер