Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Дастан Бекешов: “Кумтөргө байланыштуу коррупцияга баткан депутаттарды жазалоо зарыл”

Дастан Бекешов: “Кумтөргө байланыштуу коррупцияга баткан депутаттарды жазалоо зарыл”

04-июнь, 21:18
1 940 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Кумтөр боюнча камакка алынгандар тууралуу пикириңиз кандай?

-- 17-майда парламентте өткөн жыйында Камчыбек Ташиев азыркы жана мурдагы депутаттардын, ошондой эле “Центерра” менен макулдашууну ишке ашырууда коррупцияга тийешеси бар чиновниктер камакка алынарын жарыялаган. Бирок, алар кимдер экени ачыкталган эмес. Ошентип, депутаттар арасында “кимдер, эмне үчүн депутаттык ордун түрмөгө алмашуусу мүмкүн?” деген сөздөр жүрө баштады. “Садыр Жапаровдун Кумтөрдү улутташтыруу жөнүндөгү токтомуна каршы добуш берген 5-чакырылыштагы депутаттар жоопко тартылышы мүмкүн” деген дагы ойлор айтылды. Добуш бергендиги үчүн жоопко тарта албайт. Бирок, укук коргоо органдары депутаттарга “дал ушундай добуш үчүн кимдир бирөөлөр пара берген” деген өңдүү мотивдерди коюшу мүмкүн экенин белгилөө керек.

-- Ошол жылдарга кайрылсак. Сиздин добушуңуз кандай болду эле?

-- Садыр Жапаров башында турган депутаттык комиссия парламентке отчет менен 2012-жылдын июнь айында келген. Баары жакшы башталган. Бирок комиссиянын жыйынтыктары боюнча кенди улутташтыруу эмес, Кумтөрдү башкарган мамлекеттик ишкана түзүү керек эле. Анүстүнө Садыр Жапаров түзүлө турган мамлекеттик компанияга 20 адамды ишке орноштуруу керек экенин билдирди. Долбоордун токтомунда келечектеги директорлор жана бүткүл топ-менеджменттин аты-жөнү да белгиленген эле. Албетте, депутаттар ага макул болушкан жок. Эми болсо ошондо каршы добуш бергендерди эл душмандары катары көрсөтүүдө. Бирок депутаттар Кумтөрдү улутташтырууга эмес, коррупциялык токтомго каршы добуш беришкен да. Коррупциялык токтомго каршы тургандардын арасында мен да болгом. Анткени мага ошондогу депутат Садыр Жапаровдун парламенттин токтому менен өзүм билемдикке салып, топ-менеджментти түзүп алгысы келгени жаккан эмес. 

-- Демек, ошондо каршы добуш бергендердин баары жоопко тартылышы мүмкүнбү?

-- Менин оюмча, кеп добуш берүүдө эмес. Мүмкүн, Кумтөр Голд Компанинин офистеринде тинтүүдөн кийин кандайдыр бир документтер табылгандыр. Болжолум боюнча, айрым депутаттардын Кумтөрдүн башкаруучуларынан мектептерге, мекемелерге, жарандарга же кандайдыр бир иш-чараларды өткөрүүгө демөөрчүлүк көрсөтүү тууралуу жолдогон каттары табылгандыр... Кандай болгон күндө да, эгер коррупция болсо, анда коррупционерлерди жазалоо керек. Бирок, баары мыйзам чегинде болушу абзел. УКМК саясатчыларды эмне үчүн камап жатканы жөнүндө толук жана так маалымат бериши зарыл.


Мээрим Асанова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер