Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Алмаз Тажибай: “Орхан Инанды атайын кызматтын жардамысыз сыртка чыгарылып кетиши мүмкүн эмес”

Алмаз Тажибай: “Орхан Инанды атайын кызматтын жардамысыз сыртка чыгарылып кетиши мүмкүн эмес”

04-июнь, 21:08
2 270 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- “Сапат билим берүү мекемелеринин президентинин жоголушу тууралуу пикириңиз кандай? Мунун артында кимдер турат жана ага эмне себеп?

-- Эгер ал Кыргызстандын жараны болсо, кандайдыр бир башка мамлекетке биздин жаранды берүү мыйзамга дагы, моралдык жактан дагы туура келбейт. Ар түрдүү сөздөр болуп атканы менен биздин мамлекет ал адамды Түркиянын колуна салып берди деп айтуу эрте. Эгер ал чынында эле күч колдонуу менен сыртка чыгарылып кетсе, анда чек арачыларда ал тууралуу маалымат бар. Жеке учак менен алып чыгып кетишкен деген да маалыматтар чыгып атат. Бул суроолордун баарына УКМК жана чек арачылар жооп бериши керек. Анткени, атайын кызматтын жардамысыз сыртка чыгарылып кетиши мүмкүн эмес. Эки тараптын сүйлөшүүсү аркылуу Түркияга өткөрүлүп берилсе, анда бул саясат жакын арада боло турган Эрдоган менен Жапаровдун жолугушуусундагы алкакты Кыргызстандын кызыкчылыгына оодарууга багытталган болушу мүмкүн. Кандай болгон күндө да официалдуу органдардын иштеринин жыйынтыгын күтүү керек. 


Мээрим Асанова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер