Генерал Данияр Абдыкаров “Мыйзамсыз баюуга” шектелип, камалып кетиши мүмкүн
ИИМдин орун басары болуп турганда Данияр Абдыкаров түбөлүк хан сымал кутурган. Башкасын айтпасак да, 2017-жылы Садыр Жапаровду камоодо дал ушул эргул сценарий түзүп, аша чаап, балдарынан бери сабатып, туугандарын, жакындарын камакка алдырганын танабы? Учурда айрым тергөө огандары Данияр Абдыкаровду “Манас” эл аралык аэропорту боюнча казышып, кыйналып жатышыптыр. Эмесе, биз идея берели. Өмүр бою милицияда иштеп жүргөн кадрдын байлыгы 20 миллион долларга жетеби? Бул боюнча тийешелүү органдар иликтешсин. Медеров көчөсү 37, Киргизия-1деги хансарайлары кайсы каражаттарга курулган? “Ак марал” пансионаттындагы коттеджи, Бишкек шаарындагы элиткалары, Дубайдагы үйлөрүн изилдеген жан барбы? Мындан башка дагы объектилерин, бизнестерин журналисттер эмес, ошол эле ИИМдин изкубарларына тапшырса, көп былыктарын алып чыгышат. Ошондо Данияр Абдыкаров “Мыйзамсыз баюу” беренеси менен адилеттүү алкакта казынага “кусуп”, соттолуп кетери шексиз го?..
"Азия Ньюс" гезити