Үй-бүлөлүк зомбулук үчүн 5 суткага эркинен ажыратуу сунушталууда
Башкы прокуратура үй-бүлөлүк зомбулук үчүн 5 суткага эркинен ажыратууну сунуштап жатат. Бул тууралуу башкы прокуратуранын улук прокурору Нурдин Алымкулов Кылмыш-жаза кодексине жана Жазык-процессуалдык кодексине сунушталып жаткан өзгөртүүлөр талкууланып жаткан “тегерек үстөл” учурунда билдирди.
Анын айтымында, Жоруктар жөнүндө кодекстин 75-беренесинде үй-бүлөлүк зомбулук үчүн жоопкерчилик каралган.
«Алгач бул берене боюнча айып пул салынып, түзөтүү жана коомдук жумуштарга тартылмак. Шектүүнү камакка алууга же аны камакта кармоо боюнча кандайдыр бир иш-аракеттерди көрүүгө мүмкүнчүлүк жок болчу. Жогорку Кеңештин депутаттарынын жардамы менен Жазык-процессуалдык кодексинин 504-беренесине өзгөртүүлөр киргизилген. Ага ылайык, үй-бүлөлүк зомбулукка барган жаранды 48 саатка камакта кармоого мүмкүнчүлүк түзүлгөн. Бирок андан кийин логика жоголот. 75-берене боюнча эркинен ажыратуу түрүндө жазага тартуу мүмкүн эмес, бирок шектүү 48 саатка кармалып, андан кийин коё берилет жана сотту күтөт» деди Алымкулов.
Буга байланыштуу башкы прокуратура үй-бүлөлүк зомбулук үчүн 5 суткага чейин камакка алууну сунуштап жатат. Ошондой эле үй-бүлөлүк зомбулукка барган жаран түзөтүү программасынан өтүүдөн баш тартса, ал үчүн дагы жоопкерчиликке тартуу сунушталууда.
Андан тышкары, бир нече жолу үй-бүлөлүк зомбулук кылмышына барган жаранды 5 жылга чейин эркинен ажыратуу каралууда.