Губернатор Алимбаевге кылмыш иши козголгон, контрабандага шектүүбү?
Баткен облусуна Абдикарим Алимбаев губернатор болуп барды. Убагында бул кадр чек ара кызматын жетектеп, контрабанданын коргоочусу катары тар чөйрөгө таанылып, бутуна турганы анык беле? Жеңиш Разаковдун кадры. Чогуу иш кылышчу экен. 2017-жылы Алимбаев чек ара кызматын жетектеп турганда, бул тармакка тийешелүү базадан көптөгөн курал-жарактар жоголуп, ызы-чуу чыкканы эсиңердеби? Кылмыш иштери козголот. Жоопкерчиликке тартылбай, ошондон кийин кызаматтан алынганы белгилүү. Эми ушундай “калбырлуу” немени Баткен облусунун жетекчиси кылып коюшту. “Көнгөн адат калабы, уйга жүгөн салабы?” дегендей, бул баягы эле контрабанданы өркүндөтүү менен жеке кызыкчылыгын канааттандырабы? Өкмөт эмне үчүн муну тандады? Себеби, Абдикарим Алимбаев убагында Асамидин Мариповдун бир тууган карындашынын кызын алган. Премьер-министр Улукбек Мариповго жакын тууган болуп атпайбы? Кашайгырдыкы! “Иттин өлүгү” ушул жактан сасып, баягы эле жек-жааттык кландашуу саясатынан өйдө көтөрүлө албаганыбыз ушулбу?
"Азия Ньюс" гезити