Акыркы кабарлар
» Кылмыш » Талас шаарындагы токойдон 19 жаштагы кыздын сөөгү табылды
Талас шаарындагы токойдон 19 жаштагы кыздын сөөгү табылды
05-май, 11:59
1 057 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Бул тууралуу 4-майда “Азаттыкка” облустук милициядан кабарлашкан.
Мекеменин маалыматына караганда, кыздын сөөгү облустук ооруканага жеткирилген. Милиция маркумдун денесине сыртынан кароо жүргүзгөн учурда күч колдонуу белгилери аныкталган эмес.
Аталган факты Кылмыш-жаза кодексинин 139-беренеси (“Ден соолукка анча оор эмес зыян келтирүү”) менен кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.
Маркумдун ата-энеси эч кимге доосу жок экенин жана кызынын денесин экспертизага берүүдөн баш тарта тургандыгын билдиришкен. Ошондой эле сотко чейинки өндүрүш ишин кыскартып берүүнү өтүнгөн.