Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кубанычбек Исабеков: “Кумтөрдөн 66 адам өлдү. Бир да иш козголгон жок”

Кубанычбек Исабеков: “Кумтөрдөн 66 адам өлдү. Бир да иш козголгон жок”

04-май, 20:33
1 446 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Кубанычбек мырза, Кумтөр алтын кенинен биздин жарандардын кайсы бир убакта 150-200 миң АКШ доллар айлык алып жүргөндөрдүн тизмеси чыкты. Ушул иш боюнча кабарыңыз барбы?

-- Бүгүнкү күндө кээ бир маалымат булактарында “Кумтөрдөн 

кыргызстандык 30 киши олчойгон суммада айлык алып турган” деп айтып чыгышты. Анын ичинен жакында 13 адамдын тизмеси коомчулукка ачык-айкын жарыяланды. Бул чекеси эле, 30 кишиден башка да толтура. Мунун баары элге белгилүү. Ал эле эмес негизги маалымат булактары болгон Кыргызстандын эң башкы КТРК, мамлекеттик, өкмөттүк гезиттер Кумтөрдөн акча алып турган, мүмкүн бул жагдайды элдер билбеген чыгар. Анан кантип ошолор Кумтөрдө болуп аткан терс көрүнүштөрдү ачыкка чыгарсын? Убагында “жабылуу аяк жабылуу бойдон кала берген”. Эми жаңы бийлик, өкмөт келди, жаңы шайлоо болду. Булар да азырынча маселе көтөргөн жери жок жана “Кумтөрдө жакшы маселе чечилет” дегенге да ишенбей калдым. Сиз айтып аткан олчойгон айлык алгандардын бир тобун билем, тааныйм. Мен бир нерсени айтып коёюн, “Кыргызалтын” акционердик коомунун 100 пайыз акциясы өкмөткө таандык. Өкмөт башчынын буйругу менен “Кыргызалтындын” жетекчиси, орун басаралары шайланат. Жанагы 13 адамдын басымдуу бөлүгү ошо жерде иштеп турган. “Центерра Голддун” 26,5 пайыз акциясы да кыргыз өкмөтүнө тийешелүү. Негизи “Кыргызалтынды” эчак эле жоюш керек болчу. Анын жетекчиси КР президентинен да көп айлык алат. Эгер тереңден иликтей турган болсок, Кумтөрдөн очойгон айлык алгандардын саны 30 же 50 киши менен чектелбейт, алардын саны андан да көбүрөөк болушу мүмкүн. Дагы бир кызыгы, 200 миң долларга чейин айлык алгандар Кыргыз мамлекетине бир да тыйын салык төлөбөйт. 

-- Салык төлөбөгөнүн кайдан билесиз?

-- Убагында Ахматбек Келдибеков салык инспекциясын жетектеп турганда сурагам, “150-200 миң доллар алып аткан биздин жарандар салык төлөйбү?” деп запрос кылганымда, “Алар салык төлөбөйт экен” деп жооп берген. 

-- Кыргызстанда тоо-кендерди иштетүү ыраатчылык программалары же концепциясы барбы?

-- Андайдын карааны да жок. Муну Жогорку Кеңеш карап, тоо-кендерин иштетүү концепциясын, программасын сунушташ керек эле. Бизде тоо-кендери экиге бөлүнөт. “Мамлекеттик деңгээлде” анан “жергиликтүү деңгээлде” деп коёт. Ошону эмдигиге чейин толук кандуу бекитпей жүрүшөт. Бул боюнча Чудинов премьер-министр болуп турганда, Атамбаев министр болуп турганда, андан кийинкилерге да далай жолу “бекитпейсиңерби?” деп кат жазгам. Муну лазейка кылып, 300 сомго лицензия сатып, 3 миллионго Гонконг, тияк-быяк биржаларга сатышкан. Ошол саткандарды изилдеген бирөө-жарым барбы? Капар Курманалиев деген далайды талкалаган, ага-туугандарына 16 миң гектар жердин лицензиясын берип койгон. Аны ким жоопко тартып койду? Издеген эч ким жок. 2010-жылы ошонун аялынын банктагы ячейкасынан алтындын куймалары, миллиондогон акчалар чыккан. 

-- Кумтөр кенинен бир эле алтын чыгабы же башка да түстүү металлдар  барбы? 

-- Туура айтасыз, көпчүлүк бир эле алтын жөнүндө кеп кылышат. А чынында алтындан башка күмүш ж.б. түстүү металлдар чыгат. 2008-жылы 1-январына чейин Кумтөрдөн 62 тонна күмүш алыныптыр. Күмүштүн баасы 1992-жылдан бери 15-20 эсеге көтөрүлдү. “Кыргызалтын” 62 тонна күмүштү саткан, 62 тыйын мамлекетке түшкөн эмес. Андан бери болбоду дегенде 150 тонна күмүш сатылды, 100 тыйыны бюджетке түшкөн жок. Мен андай цифраны көргөн жокмун. Бул маселени мамлекеттик комиссия көтөрдүбү?

-- Кумтөрдө иштеп, ошол жактан кырсыктагандар далай болуптур. Негедир ошолор тууралуу эч нерсе айтылбайт...

-- 66 адам ошо жерден өлдү. Бир да адамга иш козголуп, акырына эч ким чыккан жок. Биздин адамдар тоок эмес да. Канчалаган адамдар 1-2-топтогу майып болушту. Бул боюнча да эч ким унчукпады. Биз бир эле Кумтөрдү кеп кылып атабыз. Кыргызстандын баардык кен байлыктары казылып аткан жерлердин баарында мыйзамсыз иштер толтура. Баарында ушундай ызы-чуулар.      


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер