Жактоочу: “Тергөө Айзада Канатбекованын зордукталганын көрсөттү”
Ала качуунун курмандыгы болгон Айзада Канатбекованын зордукталганы аныкталды. Бул тууралуу Айзада Канатбекованын жактоочусу Нурбек Токтакунов билдирди.
“Мен силерге Айзада Канатбекованын өлүмүнө байланыштуу өзүмдүн утурумдук маалыматымды сунуш кылам. Ушул күнгө карата Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы Айзаданы ала качуу жана өлтүрүү боюнча кылмыш ишинин тергөөсүн бүтүрүп, аны сотко жөнөттү.
МаркумЗамир Теңизбаев адамды уурдоо, өлтүрүү жана зордуктоодо айыпталган. Тергөө Айзаданын зордукталганын көрсөттү. Анткени бул жөнүндө экспертиза белгилегендей, анын бетинде жана буттарында мындай учурларга мүнөздүү болгон дененин сыйрылгандыгы жана канталап көгөргөндүгү аныкталган.
Ала качуунун 5 катышуучулары дагы оор кесепеттерге алып келген адам уурдоодо айыпталып жатышат. Тергөөчү жана прокурордун кеңешүүсүнөн кийин бул иш-аракетти “Никелешүү максатында адам уурдоо” эмес, “Адам уурдоо” катары сыпаттоо керек деп чечилген. Ошентсе да көптөгөн кемчиликтерге карабастан тергөөчү бул ишти сотко жиберүүгө шашылды. Акылга сыбаган бул иш-аракет дале болсо уланууда” деп билдирген ал.
“Супер кж”