Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Сузакта 5 балалуу 24 жаштагы келин асынып алды

Сузакта 5 балалуу 24 жаштагы келин асынып алды

04-май, 11:43
1 197 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда 24 жаштагы келин өз жанын кыйды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

23-апрелде саат 19:30 чамасында Таш-Булак айылында 1996-жылы туулган келин өзүнүн сарайына барып асынып алган. Бул факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Келин 16 жашында турмушка чыккан, 5 баласы бар.

Текшерүү иштеринин жүрүшүндө, каза болгон келиндин ата-энеси кызынын асынып, өмүрүнө кол салуусуна күйөө баласы күнөөлүү экендигин билдиришип, милицияга арыз менен кайрылышкан. Каза болгон келиндин күйөөсүнүн окуяга канчалык деңгээлде катыштыгы бар экени тергөөнүн жүрүшүндө аныкталат. Учурда тергөө иштери уланууда деп жазылат маалыматта.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер