Акыркы кабарлар
» Кылмыш » Абылгазиев УКМКнын айласын кетирип, камактан “куспай” жатыптыр
Абылгазиев УКМКнын айласын кетирип, камактан “куспай” жатыптыр
30-апрель, 02:00
817 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Экс-премьер-министр Мухамметкалый Абылгазиевдин жер жайнаган мүлктөрүн, байлыктарын УКМК тизмектеп, маалымат каражаттарына тараткан. Коомчулук шок абалда калганы эсибизде. Бирок, мамлекеттин казынасына “кусууга” келгенде Абылгазиев какап да койбой, баарынан баш тартканы эмнеси? Ал түрмөдө отурса да байлыктарынан ажырагысы келбей, тырышып жатканын билдиришти. Мындай зыкымдар акыры соттолуп кетери, анан УКМКнын камагынан түрмөнүн короосуна түшкөндө “каралардын” казынасына бар тапканын төгүп берчү беле? “Түрмөгө жылан жатпасын” дечү эле...
"Азия Ньюс" гезити