Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Билим берүү жана саламаттык сактоо тармактарында коррупция ашынып кетти

Билим берүү жана саламаттык сактоо тармактарында коррупция ашынып кетти

30-ноябрь, 19:26
3 172 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Мамлекет тарабынан коррупцияга, паракорчулукка, чайкоочулукка каршы айыгышкан күрөш жүрүп жатат. Эң маанилүү нерсе, кыргыз коомчулугу бул “ыйык согушту” жапатырмак колдоодо. Президент Садыр Жапаров менен генерал Камчыбек Ташиевдин чечкиндүү аракеттерин баарыбыз көрүп, сезип турабыз. Бирок, эмнеге пара алып колго түшкөндөрдүн саны дагы деле азайбайт? Тескерисинче, салыштырмалуу айта турган болсом, эртең менен пара алып жаткан жеринен колго түшкөн нааданды ачыктап, тергеп баштай электе, ошол эле жерден экинчиси уурулук кылып кармалууда... Демек, коом 33 жылдан бери өзүнүн жашоо эрежесине коррупцияны кадимкидей эле сиңирип, көндүм адат кылып алганы көрүнүп, билинип эле турбайбы! Мурдагы өлкө жетекчилеринин кимиси ушундай чечкиндүүлүк менен күрөш жүргүзгөн? Алар андай түйшүгү түмөн жолго батынып бара алышпай, тескерисинче, өзүнүн урук-тууган, куда-сөөк, жан-жөөкөрлөрү менен өлкөнү тытып-талап жеп келишти го! Натыйжада, миллиондогон жаш, эмгекке жарактуу жарандарыбыз асты Америкага, арты кошуна өлкөлөргө барып, жан багып жүрүшөт. Азыркы күндө экономикалык, финансылык жана өндүрүштүк коррупция быякта калып эле, билим берүү, саламаттыкты сактоо ж.б. социалдык тармактардагы паракорлук, чайкоочулук, туташ коррупция биринчи орунга чыга келди. Билим берүү жана илим жаатындагы туташ коррупция эл аралык каржы институттары менен байланышып калганы өлкөнүн келечегине катуу коркунуч туудура баштады. Улуттун өзгөчөлүгүнө катуу сокку ура турган чет элдик “псевдодолбоорлордун” аягы тыйылмак турсун, тескерисинче, жаңы күч жана кайрылгыс кыйраткыч методдор менен күчөй баштады! Фактылар толтура! 

Баарынан күйгүзгөнү, жетекчи болумуш экстер, байлыкты талап-тоношуп, өзүнчө эле “аксөөк-элита” болуп алышкан. Кээ бири ушунчалык көпкөндүктөн, карапайым элди “сен томояксың” деп керсейгенин кантесиң? Андай адамдардын өтө эле айлакерлери дагы деле аткаруу, сот жана парламенттик бийлик бутактарынын алдыңкы сабында отурушат. Алтургай кээ бирлери “биз жалаң гана таза мамлекеттик кызматкерлер менен иштейбиз” деп саймедиресе, жанына адам тура албайт! Мындайлар зор чеберчилик менен шек билгизбестен, президенттин антикоррупциялык аракеттерине саботаж жүргүзүп келишүүдө! Өлкө башчынын жанды оозго тиштеп жасап жаткан иштерин алар тоготпой турушат. Анткени, көптөгөн жылдар бою коррупцияга батышып, элдин канын соруп көнгөн жексурлар мындан ары дагы жыргал жашоосунун уланышын көксөшөт. Ошондуктан, коррупция, паракорчулуктун кескин зыяндуу кесепеттерине туура баа берген генерал Камчыбек Ташиев күрөшүүнүн кезектеги этабын туура жана өз убагында жарыялады! Менимче, бир ууч эле жегичтердин доорун кайрылгыс кылып токтотуп, ырайымсыз жазалоого өтүү зарыл. Алардын аттарын ачык эле ашкере кылып, элге угузуп коюу – азыркы абалдын кечиктирилгис талабы болуп турат. Акыйкат, мыйзамдуу жазаны калың журт туура кабыл алып, колдойт! Башка жол жок!


Каныбек Осмоналиев, профессор 
 "Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер