Акыркы кабарлар
» Кылмыш » Түптөгү үрөй учурган жол кырсыгы: төртүнчү бала ооруканадан көз жумду
Түптөгү үрөй учурган жол кырсыгы: төртүнчү бала ооруканадан көз жумду
13-апрель, 12:10
753 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Ысык-Көл облусунун Түп районунда катталган үрөй учурган жол кырсыгынан дагы бир бала көз жумду. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
Окуя кечээ, 12-апрель күнү саат 23:14тө Балыкчы–Ананьево–Каракол унаа жолунун 204-чакырымында, Михайловка айылына жакын жерде болгон. Анда “Toyota Camry” жана “Audi C4” автоунаалары сүзүшкөн.
Алгач 19-20 жаштагы үч эркек бала көз жумуп, дагы үч бала Түп райондук ооруканасына “тез жардам” аркылуу жеткирилгени айтылган. Андан кийин “ооруканада жаткан 20 жаштагы Ж.Т. дагы көз жумду” деп “Спутникке” билдирди ӨКМ.