Акыркы кабарлар
» Коом » 9-марттан тарта Бишкектеги бала бакчалар иштей баштайт
9-марттан тарта Бишкектеги бала бакчалар иштей баштайт
03-март, 11:53

Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады. Ага ылайык, бакчалар толук ачылганы менен бардык тайпанын балдары барбайт. Кийинки аптадан тарта бакчага мектепке даярдоочу жана жогорку тайпалардын балдары гана бара алышат. Ошондой эле атасы же энеси жалгыз тарбиялаган бөбөктөр биринчи кезекте бара турганы айтылды.
Тайпалар 10 баладан өз-өзүнчө топко бөлүнүп тарбияланары маалым болду. Мэрия санитардык нормалар сакталышы керектигин эскертүүдө.