Жетимдердин барарга жери жок, ачка, жылаңач, оорулуу... Жардам берчүлөр барбы?
Суук түшкөнү Кыргызстандагы “Балдар үйүнүн” бүтүрүүчүлөрү араң эле жан багышаарын “Наш голос” фондунун директору Айнура Ормонова айтып чыкты.
Айнура айымдын айтымында ага жардам сурап келген жетим балдардын саны арбын. “Алардын арасында кичинекей балдар да бар. Алар ачка, оорулуу, жылаңач. Кечээ, бүгүн 13 баланын курсагын тойгузуп, кийим бердик. Дагы бир балдар үйүнүн бүтүрүүчүсү жарым жыл мурун эле операция болуптур. Ал суук мекемеде муздак сууга бөтөлкө жууп иштейт экен, а тапкан акчасы бир комнатта жашаган ижарасына гана кетет. Дагы бир бүтүрүүчүнүн да кийими жок, ачка жүрөт, иштеп тапкан акчасы батирге төлөгөнгө эле араң жетет экен. Мындай ачка, жылаңач, эптеп эле жашаган жетим балдардын саны абдан көп. Мага телефон чалышат, жазышат, ыйлашат. Аларды көрүп зээним кейийт”,- деп жазды.
“Жетим балдардын көпчүлүгү барарга, жашарга жери жок, эптеп эле күн көрүп жатышат. Жети-сегиз бала биригип, эптеп кепе тамды ижарага алышат, айрымдары туугандарынын үйүндө. “Балдар үйүнүн” директору мектепти аяктаганда эле аларды “дүңүнөн” кесиптик техникалык лицейлерге орноштурушат. Анткени ал жакта жата турган жатаканасы жана тамак-ашы бар. Ал эми окуу жай аларды тандабай эле кабыл алышат, андан кийин иштешет”,- дейт Айнура айым.
“Жетимдердин жүзүнөн таарынычты, көз жашты, кыжырданууну көрсө болот. Мен баарына жардам бере албаганыма өзүмө жиним келет. Аларга кантип жардам бере алабыз, мамлекеттен кандай пайда бар?” – деп жазды.
Чындыгында багар-көрөрү жок жетим балдар “Балдар үйүнөн” кеткенден кийин барарга жери жок, кыйналган абалга кептелишет. Ал эми Социалдык коргоо министрлиги жетимдердин көйгөйүн чечүү максатында 2021-жылдан баштап жашаган үйдүн ижарасына жардам бермек болгон. Ал үчүн бир жылга 12 миллион сом керектелет экен.
Aryba.kg