Эмил Токтошев, ЖК депутаты: “Айгүл Айдарованын фракциядан чыгарылганына жүрүм-туруму себепчи...”

-- Эмил мырза, фракциянын чечими менен Айгүл Айдарова “Бүтүн Кыргызстандын” курамынан чыгарылбадыбы. Эми депутат катары анын тагдыры кандай болот?
-- Мыйзамда эки норма бар: эгер депутат өз каалоосу менен арыз жазса, анда аны мандатынан ажыратканга жол ачылат. А эгер фракция мүчөлөрү тарабынан чыгарылган болсо, анда фракцияга кошулбай, эч кандай милдеттенмеси жок эркин депутат болуп жүрө берет.
-- Шайлоочулар чакырып алалбайбы?
-- Шайлоочулардын чакырып алганга укугу бар, эгер 50 миң кол чогултушса.
-- Аны фракциядан чыгарууга негиздемеде “жумушка келбейт, жыйындарга катышпайт” деп айтылды. Ошол эле негиз болдубу? Муну сураган себебим, соцтармактарга бир видео да тарап кетпедиби...
-- Ооба, көп келбейт, катышпайт. Жүрүм-туруму да себеп болду. Катчылыктын жыйыны болгондо өзү катышты. Добуш берүүнүн негизинде баары мыйзам чегинде чечилди.
-- “Бүтүн Кыргызстандын” мүчөлөрү ансыз деле аз болчу. Эми дагы бир депутаттын катардан кеткени фракция үчүн оор келбейби?
-- Жок. Мүчөлөрү азбы, көп болобу – баардык фракцияларга бирдей укук берилген. Бир депутат кетсе эле укугубуз чектелип калбайт. Бизге эч кандай залакасы тийбейт.
"Азия Ньюс" гезити