Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Коронавирусту көп жуктурган өлкөлөрдүн башында АКШ, Индия, Бразилия турат

Коронавирусту көп жуктурган өлкөлөрдүн башында АКШ, Индия, Бразилия турат

19-декабрь, 12:14
1 226 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Бүгүн, 19-декабрга карата дүйнөдө коронавирус инфекциясын 75 миллион 588 миң 781 адам жуктуруп алды. Анын ичинен 42 миллион 602 миң 287 бейтап айыгып чыкса, тилекке каршы, 1 миллион 672 миң 826 (+12545) адам каза болду.

Коронавирус эң көп катталган өлкөлөрдүн сап башында АКШ турат. Анда ооругандардын жалпы саны 17 миллион 442 миң 180 болду. 313 миң 246 адам каза болсо, 10 миллион 291 миң 57 бейтап айыгып чыкты.

Экинчи орунда Индия өлкөсү турат. Бул жакта коронавирус инфекциясы 9 миллион 979 миң 447 адамдан аныкталды. 144 миң 789 адам каза болсо, 9 миллион 520 миң 827 бейтап айыкты.

Ал эми Бразилия өлкөсү үчүнчү орунда. Бразилияда 7 миллион 162 миң 978 адам вируска кабылган. 185 миң 650 бейтап көз жумса, 6 миллион 322 миң 955 бейтап оорудан сакайды.

Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университетинин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.


Супер кж

 
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер