“Электр энергиясы жылыга кымбаттай берсе, элибизге кыйынчылык жаралат”
-- Светке болгон тариф былтыр кымбаттаган эле, быйыл да көтөрүлүп атат. Карапайым эл кыйналбайбы?
Акбөкөн Таштанбеков, ЖК депутаты:
-- Биринчиден, электр энергия бизнес үчүн эчак эле кымбаттаган, демек, продукциясын кымбаттатты, продукцияны эл сатып алат. Чынын айтканда, кымбаттаган электр энергия эмес, сомубуз инфляция болуп жатат, электр тармагына миллиондогон доллар менен кредит алганбыз. Өкмөт айласыздан көтөрүп жатат баасын. Ооба, арзан болсо жакшы болмок, электр тармагындагы болгон жабдуулар эскирип бүттү, жаңылабасак болбойт.
Бакытбек Жумагулов, серепчи:
-- Светтин кымбаттаганы энергетиканын тариф саясатына жараша болууда. Айтайын дегеним, жыл сайын светти кымбаттатуу демилгеси да көтөрүлүүдө. Эгер жыл сайын тариф жогорулай берсе, карапайым элге, орто жана кичи бизнеске да таасирин тийгизип, кыйынчылыктарды жаратып коюшу мүмкүн. Бул биринчиси.
Экинчиден, тарифти көтөрүү дифференциалдуу болуп жатат. Салыштырмалуу элге, анан бизнес тараптагыларга бир топ айырмаланып турат. Светке болгон тариф жыл сайын жогорулай берсе, тариф саясатынын бизнеске да терс таасири тийип калышы мүмкүн.
Үчүнчүдөн, тарифти көтөрүү менен бирге энергосектордогу коррупцияны жоюуга аракет жасалууда. Бирок ал жакта дагы кандай коррупциялык схемалар бар экенин дыкат иликтешсе, абдан жакшы болмок.
Нарынбек Молдобаев, экс-депутат:
-- Кыргызстандын сырткы карызынын көбү энергетика тармагы менен жол курулушуна жумшалган. Аны жабыш үчүн көп акча керек. Ошондой эле Советтер союзу мезгилинде курулган подстанциялардын жана электр энергиясын өткөрүүчү зымдардын баарынын эскилиги жеткен. Бул тема боюнча электр тармагын ийне-жибине чейин билген эксперт менен сүйлөшкөм. Ал “жыл сайын электр энергиясынын баасын 10 пайызга көбөйтүп отурсак, абалдан чыгууга чоң жардам бермек. Бирок азыркыдай болуп, бир кошкондо очойто кошпой, инфляцияны эске алып, жылына 10 пайыздан кошуу эл үчүн да ыңгайлуу болмок” деген. Маселен, электр энергиясынын 1 кВт/сааты 70 тыйын болсо, 7 гана тыйын кошулмак. Кийинки жылы 10 тыйын, аркы жылы 13 тыйын кошулмак. Электр энергиясынын баасын жылда 10 пайызга көтөрсөк, тышкы карыздан да кутулуп, электр тармагындагы ички муктаждыктар дагы чечилмек экен. Бирок, мунун баары айла кеткендеги жасалып жаткан нерселер деп ойлойм. Бул биринчиси.
Экинчиси, биз үнөмдөгөндү билбейбиз. Мурун 1 кВт/саат 2 тыйын болсо, “ал канча болмок эле” деп маани берчү эмеспиз. Азыр деле ошондой эле колдонобуз. Короодо, ажаткана, коридордон бери светти күйгүзүп коёбуз. Айылда бастырмада деле свет күйүп тура берет. Мүмкүн кымбаттаса үнөмдөгөндү үйрөнөрбүз.
Азыр майда ГЭСтер ишке кирип баштаганы менен өндүргөн электр энергиясы аз. ТЭЦтен чыгып жаткан электр энергиясынын өз наркы 5 сомго чукулдап калат. Бирок, чыгым өкмөттүн эсебинен жабылууда. Мен бул жерден өкмөттү мактагандан да, калкалагандан да алысмын. Болгон чындыкты айтып жатам. Кыргыз элине электр энергиясынын тарифи жылына жогорулап турса, кыйынчылык болот. Ошон үчүн өкмөт элге жакшылап түшүндүрүшү керек. Мен билгени өкмөттүн эки максаты бар. Ошонун үстүнөн иштесе, мүмкүн электр энергиянын баасы кымбаттабайт эле.
Маселен, бөлөк өлкөлөрдө электр энергия чыгарылгандан баштап керектөөчүлөргө жеткенче 3 гана пайыз техникалык жоготуулар болот экен. Бизде болсо техникалык жоготуулар 22 пайызды түзөт. Бул нерсе электр энергиясын уурдап жатканынан кабар берет. Чынында керектөөчүлөр өздөрү уурдашат. Акырын байкатпай туташтырып алышат. Же контролёр менен тил табышып алып, аларга азыраак төлөп, электр энергиясын көп коротушат. Ошон үчүн Кыргызстанда жоготуулар көп болууда. Бул абалдан чыгуу үчүн ГЭСтер салынышы керек. ГЭСтин чыгарган электр энергиясы бизге арзан түшөт. Анткени, суу арзан. Сууну барабан айлантып, барабанды агрегат айлантат. Агрегаттан электр энергиясы чыгат.
Азыр бизде альтернативдүү деген түшүнүк пайда болду. Башкача айтканда, шамалдан, күндөн электр энергия өндүрүү тууралуу маселелер көтөрүлүп жүрөт. Бирок, шамалдан өндүрүлгөн электр энергиясынын баасы 5 сом болот. Күн батереясы аркылуу өндүрүлө турган электр энергиясын өндүрүү көп жерди ээлейт. “Атомдук станцияларын куруп, электр энергиясын өндүрсөк” дегендер да бар. Дүйнөдө атомдук электрстанцияларынын түрү көп. Мүмкүн чакан кылып курап алсак, электр энергияга болгон муктаждык жок болот эле. Бирок, анын кооптуу да жагы бар. Ошондой эле аны иштетүүгө көп каражат да жумшалат. Азыр Камбар-Ата–1 курулуп калса, бери дегенде 5 миллиард кВт электр энергиясы өнүп, муктаждык жоюлуп калат эле...
"Азия Ньюс" гезити