Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Турусбек Маразыков илимдеги коррупциянын “үлгүсүн” көрсөттүбү?

Турусбек Маразыков илимдеги коррупциянын “үлгүсүн” көрсөттүбү?

07-ноябрь, 10:12
786 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Илимдеги коррупция маселеси көптөн бери коюлуп келатат. Убагында Россиянын “Диссернет” антиплагиаттык уюму Акылбек Жапаров диссертациясын кимдин эмгегинен, кайсы беттерден көчүрүлгөнүнө чейин тактап, далилдеп беришкен. Илимдеги мындай коррупциялык схемалардын бети ачылып, чара көрүлүшү керек. Антпесе ЖАК илимий даража, наамдар боюнча дипломдорду тараткан баркы жок мекемеге айланат. 

Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2018-жылдын 16-июнундагы №327 токтому менен өлкөдө илимий-педагогикалык, илимий кадрларды даярдоо жөнүндө атайын жобону бекиткен. Ал жободо “бир илимий жетекчиге бир учурда бекитилген аспиранттардын (изденүүчүлөрдүн) жалпы саны 5 адамдан ашпоосу керек” деген норма бар. Өкмөттүн бекиткен жобосун бузуп, бир короо аспирант, изденүүчү алган илимий жетекчилер четтен чыгат. Алардын бири Ж.Баласагын атындагы КУУнун профессору Турусбек Маразыков. Ал жердештеринин аркасы менен илимге келип, эптеп кандидат, доктор болгон “бечел” илимпоздордун бири. Текст боюнча ыйынып-ычкынып эпигончулук менен жазган илимий иши компиляциянын деңгээлинен өйдө көтөрүлө алган эмес. Илим жазганга жарабаган Турусбек Маразыков жалаң илимий жетекчилик менен шугулданып, аспирант, изденүүчүлөрүнүн саны кыркка жетип калган. Бул өзүнчө эле коррупциялык схема.  Турусбек Маразыков ЖАМУга МАКтын төрагасы болгондо үй-бүлөсү менен  барып, ЖАМУдагы аспиранттары Сары-Челекке чейин алып барып сыйлашканы жалганбы? Дагы бир аспиранты Түркияга алып барып эс алдырганы айтылып жүрөт. Эми бул анын илимий жетекчилик институтуна көлөкө түшүргөн   жоруктарынын бери жагы эле. Тема тандашканы, проблеманы талкуулаганы, адабияттарды сунуш кылганы, диссертацияны окуганы, анча-мынча кол тийгизип редакциялаганы, кеңеш бергени сыяктуу майда-барат иштердин прейскурантынын тизмеси өзүнчө болсо керек. Мыйзам бузуп, илимдеги коррупциялык иштерге жол ачкан Турусбек Маразыковго окшогон илимий жетекчилерге тезинен чара көрүлөбү? Себеби, ушундай коррупциялык көрүнүштөрдөн улам илим өнүкпөй, жараксыз дилетант кандидат, докторлордун саны көбөйгөнүн кантип танабыз?..


 "Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер