Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Апам «башым» деп бир кыйкырып, ошол бойдон ойгонгон жок

Апам «башым» деп бир кыйкырып, ошол бойдон ойгонгон жок

05-ноябрь, 01:46
480 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Чүй облусунун Чүй районуна караштуу Дөң-Арык айылынын Калча атындагы орто мектебинин директору Жумагүл Алыбаева 21-октябрь күнү Чүй райондук аймактык ооруканасында каза болду. Бул тууралуу анын жакындары “Турмуш” сайтына билдиришкен. Маркумдун уулу Максат Шаршеналиевдин айтымында, анын өлүмүнө дарыгерлердин шалаакы мамилеси себеп болду.

«Албетте, кимдир бирөөнү жөндөн-жөн айыптагым келбейт. Бирок кан басымы 200 болуп барган бейтапты дароо кабыл албай, ары-бери бастырып, кыйнап, убакытты өткөргөнү үчүн кимдир бирөө жооп бериши керек деп ойлойм.

Биз 20-октябрда саат 09:00дө апамды ооруканага алып бардык. Кабыл алуу бөлүмүндө эч ким жок экен. Ал жактан поликлиникага жиберишти. Поликлиниканын №6 бөлмөсүнө киргизгенде ошол жерден эс-учун жоготту. Капельница куюп, жолдомо жазып, кайра башка бөлүмгө жиберишти. Ал жактан «жаткыргыла» деп неврологияга жолдомо беришти. Ал жакка барсак, дароо кабыл албай, «өпкөсүн тартып келгиле» деди. Анда да кан басымы түшпөй, 200 болчу. Өпкөнү тарттыруу үчүн 20 мүнөттөй кезекте туруп, андан кийин өпкөнү тарттырып, кайра неврологияга бардык. Дарыгер чыгып, абалы жакшы деп кабыл алды. Биз кеткенден кийин эки сааттан соң телефон чалышты«томографияга жиберип жатат. Тез жардам менен алып барышат» деди. Ошондо апамды носилкага салышты. Носилка жерге түшүп кетип, апам «башым» деп бир кыйкырып, ошол бойдон ойгонгон жок. Сөөгүн жандандыруу бөлүмүнөн алып кеттик. Бир күндүн ичинде ушундай жаман окуя болду. Эми буга ким жооп берет?” 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер