Кеңешбек Тайлаков: “Кымбатчылыкты салык саясатына оодара салуу орунсуз го...”


-- Кеңешбек мырза, 9 жыл орун басар, эки жарым жыл антимонополия кызматында жетекчи болуп иштедиңиз. Эмнегедир баалар күндөн-күнгө өсүп жатканын айтып, нааразы болгондор көбөйдү. Бааларды көзөмөлдөө монополияга каршы кызматтын колунан келбей калдыбы же ал тармакта иштин көзүн тапкан адистер азайдыбы?
-- Жетекчилер алмашканы менен ал жакта өз ишин жакшы билген, дасыккан адистер арбын. Монополияга каршы кызматы бааларды туруктуу кармоо боюнча аракетин жасап жатышат. Өткөн жылы баа түзүү боюнча мыйзам кабыл алынып, бир топ ыйгарым укуктар берилген. Былтыр ошол мыйзамды ишке ашыруу боюнча кыйла иш-чаралар жүргүзүлгөнүнө күбө болдук. Монополияга каршы кызматтын ишин илгерилеткен мыйзамы мен жетекчи болгон учурда талданып, анализ жасалып, башка мамлекеттердин тажрыйбасын эске алуу менен министрлер кабинети, Жогорку Кеңештин депутаттарынын колдоосу менен кабыл алынып, мамлекет башчыбыз кол койгон. Ал мыйзам мен жумуштан кеткенден кийин күчүнө кирген.
Аталган мыйзамда бир топ механизмдер камтылып, жалпы эле бааны турукташтыруу боюнча рычагдарды колдонуу мүмкүнчүлүгү берилген. Мурун бардык нерсе экономика министрлиги жана Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин көзөмөлү менен ишке ашса, азыр анын баары жөнөкөйлөштү. Тагыраагы, жаңы кабыл алынган мыйзамдын жакшы жери экономика министри эле бааларды түз жөнгө сала турган укук берилди. Мурда министрлер кабинетинин токтому аркылуу ишке ашса, азыр экономика министринин чечимдери менен эле ишке аша берет. Жергиликтүү бийлик, монополияга каршы органы дагы талдоо жүргүзүп, экономика министрлигине жүйөлүү сунуш берсе болот.
-- Сиз башкарган эки жарым жылда эл аралык деңгээлде дагы иштер жасалдыбы?
-- Мен жетекчилик кылган жылдары Россиянын монополияга каршы кызматы, Өзбекстандын монополияга каршы комитети, Азербайжандын монополияга каршы органы менен кызматташуу боюнча меморандумга кол коюлуп, эл аралык деңгээлде дагы бир топ иштер жүрдү. Биздин кызматкерлер дагы Россиянын Федералдык монополияга каршы кызматынан стажировкадан өтө башташты.
-- Эмнеге кымбатчылык күч алып баратат? Же салык саясаты да кымбатчылыктын болушуна шарт түзүп жатабы?
-- Кымбатчылыкты салык саясатына оодара салуу орунсуз го... Анткени, ишкерлерди текшерүү токтоду. Мурдагыга караганда ишкерлерге жеңилдиктер берилди. Чынында кымбатчылык ички анан тышкы факторлордун таасиринен болууда. Дүйнөдөгү кымбатчылыктын эпкини бизге да тийип, тыштан сатып алган азыктарды, товарларды кымбат сатып алууга аргасыз болуп жатабыз. Себеби, көп азыктарды башка мамлекеттерден алып келебиз. Ал жерден деле дүң баада алганыбыз менен алып келүүгө кеткен чыгымдары кошулат. Ошондой эле башка мамлекеттеги өзгөрүүлөр дагы кымбатчылыктын болушуна таасирин тийгизүүдө. Кээде биржалык товарларды алууга туура келет. Биржалык товардын баасы биржада аныкталат. Анан кымбатчылык күч алганы сезилип жатат окшойт.
Пандемияга чейин тамак-аш арзан болчу. Азыр андагы баалар жок, баары өзгөрдү. Ал мезгилде 300 сомдон эт азыктарын, 30-40 сомдон кумшекер, 50 сомго күрүч алчусуң. Азыр дүйнөдө мурункудай баа жок. Ошентсе да мамлекет бааны туруктуу кармоого болгон аракетин жумшап жатат.
-- Инфляция дагы кымбатчылыкка шарт түзөбү?
-- Шарт түзөт. Бирок, инфляциянын деңгээли төмөндөгөнү расмий жарыяланды го. Мамлекет болгон аракетин жасап, калктын аялуу катмарын көз жаздымда калтырган жок. Баалардын жогорулап кетпеши үчүн министрлер кабинетинин төрагасы, мамлекет башчысы да көзөмөлдөп турат. Кыргызстанда жетишсиз болгон товарларды сыртка чыгарууга чектөөлөрдү киргизип, экономика министрлиги монополияга каршы жөнгө салуу кызматы менен бирдикте иш алып барууда.
-- Тамак-аш коопсуздугу боюнча кооптонууга негиз жокпу?
-- Тамак-аш коопсуздугун алдын алуу үчүн атайы программа, пландар түзүлүп, айыл чарба тармагына өзгөчө көңүл бурула баштады. Ошондуктан анчалык деле кооптонууга негиз жок деп ойлойм.
Рынок шартында суроо-талапка жараша кээде баалар өйдө-ылдый боло берет. Анткени, товар көбөйгөндө арзандап, азайып кеткенде баалар кескин кымбаттап кетет. Ошондой убакта антимонополия рыноктордо анализин жүргүзүп, рынокко таасир берүүчү ыкмалар менен иштейт.










