Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Курултайдын трансформациясы жөнүндө дагы бир жолу...

Курултайдын трансформациясы жөнүндө дагы бир жолу...

07-февраль, 19:30
463 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Урматтуу зыялы коом! Колуңуздарда турган бул материалды “Курултайдын трансформациясы” деп биринчи курултайдын арапасында эле жазып, ал мезгилдүү басма сөзгө да чыккан. Кийин бул материал 2023-жылы жарык көргөн “Кыргызстандагы саясаттын эволюциясы” деген макалалар топтомунан турган китепке да кирген. Курултай аракеттеги Конституциябызда болгону менен али ал жөнүндө мыйзам кабыл алына элек эле. Ошондо өлкө президенти Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин ал мыйзамды кабыл алуусун күтпөй эле өз жарлыгы менен биринчи курултайдын өтүшүнө жол ачкан. Бул өз мезгилинде туура чечим болгон. Ал эле эмес курултайдын астында өкмөттөн, прокуратурадан ж.б. ведомстволордон официалдуу адамдар эл менен жолугушуп, алардын көйгөйүн угуп, майда жергиликтүү (жол, бала бакча куруу, арык казуу, канал куруу, мектепти ремонттоо ж.б.д.у.с.) суроолордун аз болушун шартташкан. Бирок ошого карабастан биринчи курултайдын делегаттарынын дээрлик көпчүлүгү ошол жергиликтүү маселелердин тегерегинен чыга алышкан эмес. Мына эми курултай жөнүндө өзүнчө мыйзам кабыл алынды, анын максат табияты такталды. Мына ушул кырдаалда дагы бир жолу курултайды маани-маңызы бул институттун мамлекетти башкаруудагы бийлик, мыйзам чыгаруу органдары менен болгон карым-катнашы жөнүндө, деги эле курултай институтунун кыргыз тарыхындагы орду жөнүндөгү ошол былтыркы материалымды толуктап, оңдоп сиздерге сунуштап жатам.

Кыргызстандын көөнө тарыхында курултай же курултайлар жөнүндө кенен-кесир материал жокко эсе экен. Ал эми жакынкы эле тарыхыбызда “баланча жерде баландай курултай болгон, баландай маселе каралган” деген үстүртөн эле маалымат болбосо, курултай жөнүндө, анын маани-маңызы, жол-жобосу, уюштуруу, кайсы уруудан ким келет, канча ж.б. милдеттери, анын табияты кандай болгондугу жөнүндө ныпым маалымат жок. Курултай өзүнчө институт катары кыргыздардын коомдук турмушунда кандай роль ойногонун дээрлик билбейбиз.

Эгерде Кыргызстанда да бирдиктүү, классикалык түшүнүктө хандык болгондо, андагы маанилүү маселелерди талкуулаганда, хан көтөргөндө, “оң канаттан мынча, сол канаттан мынча, ичкиликтен тигинче адам курултайга чогулсун” деген түшүнүк жобо жазма эмес оозеки да жок, болгон да эмес. Же болбосо “кыргыз улутун түзгөн 40 уруудан мынчадан адам келсин” деген да ишаарат болгон эмес.

“Белек Солтоноев – кыргыздын тунгуч профессионал тарыхчысы. Ал өзүнүн “Кызыл кыргыз тарыхы” аттуу уникалдуу эмгегин өз демилгеси менен 1895-жылдан жазып баштап, 1934-жылы аяктаган. Ондогон-жүздөгөн тарыхый булактарды үйрөнүп, кыргыздын жаралуу доорунан тартып, 1916-жылдагы тарыхына чейинки баскан жолун 40 жыл бою изилдеп жазган чыгаан тарыхчынын эрдиги...” деп жазат окумуштуу Советбек Байгазиев. Мына ушул уникалдуу китепте да Б.Солтоноев кыргыздардын бир канча жыйындарын жазат. Ошондо да курултай деген термин жок. Б.Солтоноевдин айтымында, “...1896-жылы май айында Пишпек шаарында болгон сыязда...” (бул жерде съезд деп жатат – Ж.Ж.). Дагы бир жеринде “ошол жылы июль айында бүткүл Каракол, Пишпек, Нарын кыргыздары Көтмалдыда топ кылып, бугу кыргызынын...” деп андан ары улайт. Көрүнүп тургандай, Б.Солтоноев алгач бул жыйынды “сыязд” деп жазса, экинчисинде жөн эле “топ кылып” деп белгилейт. Демек, кыргыз тилинин күнүмдүк пайдалануусунда “курултай” деген сөз да көп эле пайдаланыла бербеген. Ага мисал катарында Юдахиндин абройлуу сөздүгүндө, К.Карасаевдин китептеринде биз “курултай” деген терминди атайылап издеп да таба алган жокпуз. Акыйкаттык үчүн белгилей кетейин, 2010-жылы ал кездеги мүчө-корреспондент, азыр бакыйган академик Абдылдажан Акматалиевдин жалпы редакциясы менен жарык көргөн салмагы беш килодой “Кыргыз тилининин сөздүгүндө” курултай жөнүндө минтип бериптир: “Курултай – элдик, коомдук уюмдардын, партиялардын чоң жыйналышы. Кыргыздардын бүткүл дүйнөлүк курултайы 1992-жылы өткөн” деп жазылып турат. Автордук коллектив эң туура белгилеген. Бул эми азыркы курултай.

Ал эми Октябрь революциясына чейинки биз билген курултайларда эч кандай квота, чен-өлчөм болгон эмес. Кандайдыр бир тагдыр чечүүчү маселелерин чечүүгө кабар жер-жерлерге жеткенден кийин, оозунда сөзү бар, эл арасында белгилүү бир аброю бар бир уруунун же ошол өрөөндүн ишбилги азаматтары курултайга топтолушуп жөнөгөн. Азыр эми заман өзгөрдү, интернет менен вотсап, Фейсбук соцтармактын мезгили келди, 5 жаштан 90 жашка чейинкилер бардыгы телефон чукуп отурушат. Байден кантип мүдүрүлүп кетти, Путин басып баратканда эмне үчүн оң колу шилтенбейт, Садыр Жапаров Дубайда ким менен сүйлөштү, Японияда эмне иш бүтүрдү – жадыбалдай жатка билишет. Мына ушул дүйнө өзгөргөн кезде ар бир мамлекет өзүнүн өздүгүн жоготпошко, көөнө тарыхындагы алгылыктуу нерселерди издеп таап, бүгүнкү күнгө ыңгайлаштырууда. Демек, биз да ушул тизмекте барбыз. Эгерде экинчи курултай кынтыксыз уюштурулуп, аздыр-көптүр өз максатына жетсе, бул глобалдашкан заманда кыргыздыгыбызды (иденттүүлүгүбүздү) сактап кала турган белгилердин бири катары сыпаттасак болот. Ал эми элинин саны жүз миллиондогон өлкөлөрдө иденттүүлүк маселеси биздей курч турбайт.

Биз жогоруда белгилеп өткөндөй, биринчи жалпы элдик курултай жакшыбы-жаманбы бизге чоң тажрыйба топтоого мүмкүнчүлүк берди. Ал 1992-жылкы бүткүл дүйнөлүк кыргыздардын курултайынан, кийинки Бакиевдин “Ынтымак” курултайынан кескин айрымаланды. Азыр эми бүгүнкү курултай өз мыйзамына ээ мыйзамдуу түрдө Кыргызстандын саясый асманында өз ордун таап келе жатат. Ошондуктан экинчи элдик жалпы курултайдан кыргыз эли көп жакшы нерселерди үмүт кылат. Бул курултайда көтөрүлө турган маселе: биздин айылда жол жаман, суу жок, канал тазаланбаган, түтүктөр бузулган, мектеп ремонт болбоду, трансформатор иштебейт, клуб, китепкана жок, пенсия өз убагында келбейт, айылда иш начар, өкмөт иштебейт ж.б.д.у.с. маселелер болбош керек. Буларды чече турган өз адамдары бар. Аларды чечүү элдик курултайдын такыр эле милдетине кирбейт. Элдик курултай “биз ким элек, ким болдук? Мындан ары жалпы республиканын, мамлекеттин экономикасы, социалдык чөйрөсү, коргонуу потенциалы кантип өнүгөт? Ал үчүн эмне кылыш керек? Ички-тышкы саясат, Тажикстан, Өзбекстан, Казакстан, Россия, Кытай ж.б. мамлекеттер менен мамиле, миграция, кайра иштетүү, тамак-аш жана энергетикалык коопсуздук” ж.б. ушундай өзөктүү, тагдыр чечүүчү стратегиялык маанидеги маселени коюп жана кантип чечсе болот, ошону көргөзүү зарыл. Курултай жөнүндөгү мыйзамга да сунуш, рекомендацияларды берет. Жогорку Кеңештин же аткаруу бийлигинин ролун кайталап (дублировать) калбашы керек. Болбосо ар ким өзүнүн айылынын, өзүнүн жеке маселесин айта берип, баш-аягы табылбай калат. Ошондуктан жер-жерлерде делегат шайларда “жалпы мамлекеттик маанидеги маселени көтөрөсүң, президентке жагалданып мактай бергенди, “дуба берип коёюн” дегенди таштайсың” деш керек. Болбосо Бакиевдин “Ынтымак” курултайында аны жан-алы калбай мактаган “байкелер” азыр да бул бийликтин босогосунда өз амплуасында жүрүшөт. Алардын дээрлик бардыгы парламентти жана өкмөттү жамандашат да, президентти жерге-сууга тийгизбей макташат. Бул жакшылыкка алып барбайт.

Ошентип бул Курултайда жалпы мамлекеттик деңгээлдеги маселелер менен катар төмөндөгүдөй маселелер да каралса деп ойлойм:

Эртеңки курултай азыр бизде ырааттуу жүрүп жаткан коррупцияга каршы иштерге баасын берүүсү абзел. Анткени бул маселе биздин экономиканы, бюджетти толтуруу эле эмес, бул деген биздин психологияны, керек болсо менталитетке өтүп кеткен көрүнүш экенин баса көрсөтүү керек. Бекеринен жаш балдар “ОПГ болом, анан депутат болом” дешпейт да. Биз дүйнөлүк коррупция тээ Италиядан башталып, бул жагы Грузиядагы (Саакашвилинин) иштерге чейинкини көздөн сыдыра өткөрүп, алардагы жыйынтыктардай болбосун дейбиз. Ошондуктан президентке жана Камчыбек Ташиевге моралдык колдоо көрсөтүшү керек. Бул чоң тарбиялык жана коомдук пикирди өзгөртүүчү жагдай. Бул коррупционерлер менен уюшкан кылмышкерлердин официалдуу чиновниктер менен биригип кетиши Кыргызстанда коррупциянын ажырыктай өрчүшүнө бөгөт болот. Жөнөкөй адамдарда да бийликке эмес ошолорго “акчага бардыгын чечсе болот” деген пикирди жок кылууга белсенип киришип жаткан бийликти колдоо керек. Болбосо элде ошол коррупционерлер мыйзамсыз элди, мамлекетти алдап тапкан акчасынан азыраак акча берсе, кандайдыр бир соопчулук иш жасап койсо, ошону мактап жатып калышат. Ал акча кайдан келген, кимдин көз жашы төгүлүп, кимдин өмүрү кыйылып келген акча – аны менен алардын иши жок. Ошондуктан ачыктык, акыйкаттык болуп, эл бардыгын билиши керек, түшүнүктүү болушу керек. Дагы кайталайм, коррупцияга каршы күрөштө курултай бийликти жапатырмак колдоп, ишеним көрсөтүшү лаазым.

Ушуга улай коррупциянын башатында болушкан Кыргызстандын алгачкы президенттери да өз баасын ушул курултайда алат деп үмүт кылам. Аскар Акаев жакшыбы-жаманбы келип-кетип жүрөт, бирок коррупциянын бүчүрү ошол мезгилде түптөлгөн да, ошондуктан акыл-эстүү киши кандайдыр бир моралдык күнөөнү мойнуна алат го деп ойлойм.

Ал эми экинчи президент Курманбек Бакиевди алып келип, эл алдында өзүнүн катышуусунда соттоо керек. Болбосо аны сыртынан эле соттоо Кыргызстанда көп адамдарды канааттандырбайт. Буга да чекит коюлушу керек.

Кан төгүү менен бийликке келген, “кылымда бир жаралчу апаат” (Б.Талгарбеков) Алмазбек Атамбаев да коррупциянын бийлик менен байланышын гүлдөткөн ж.б. толгон-токой шектүү иштери, айрыкча күнөөсүз жигиттердин канынын төгүлүшү да ачык айкын териштирилиши зарыл.

Роза Отунбаева менен Сооронбай Жээнбеков аз эле мезгил бийлешсе да, ишмердиктерине объекивдүү баа берилиши керек.

Ошентип курултай кечээки эле өткөн тарыхыбызга да кайрылып, эли-журтка “акыйкаттык, чындык бар турбайбы, биз көбүн билбейт турбайбызбы” дегендей ишеним бериши керек. Болбосо азыр эл эч кандай ишеним жок, өз арабасын өзү тартып келатат. Бирок белгилеп коюш керек, азыркы бийлик аз-аздан болсо да элдин ишенимине кирүүдө.

Курултайда мындан башка да орчундуу маселелер каралса, бул жерде мен айрымдарын эле келтире кетейин. Курултайда Кыргызстандын бермети болгон Ысык-Көлдүн абалы, Аксай, Арпа, Чаткал ж.б. көптөгөн жерлерди кен издегендер ашмалтайын чыгарып казып, кыртышты бузуп жатышат. Ошолорду тартипке келтирип, иштеп жаткан кендерди иштетип, калгандарын, изилдегендерин кошуп кен казууну кан буугандай токтотуу зарыл. Кендерин казган – бул кембагал мамлекеттин үлүшү экен. Акыл-эстүү улуттар кендерди урпактарга деп изилдеп, ТЭО ж.б. документтерин тактап, казбай сактап коёт экен.

Айыл чарбасында өндүрүлгөн нерсени ошол бойдон эле сатып өткөрбөй, кичине тазалап, жакшылап ороп-чулгап сатпайлыбы. Жакында Японияда өзүбүздүн эле өрүктү көрдүм, 3-4 даанасын 3-4 доллардын тегерегинде сатып жатат, бирок Кыргызстандыкы же башка экенин биле алган жокмун. Бирок мага Баткендикиндей эле көрүндү. Баткенде өрүктү коңшулар болор-болбос тыйынга алып чыгып кетип жатпайбы! Ошону мамлекет өзү эле дыйкандын маңдай тери акталгандай баага сатып алып, сактап, жанагы министрликтерде компьютер ойноп отургандар изденип иштеп, чет мамлекеттен кардар таап сатып, мамлекет өзү пайда көрбөйбү!

Эми мага жакын илим, билим берүү жагы да чоң өзгөрүүлөргө муктаж. Бизде азыр окуп жаткан 8-10 миңдей юристтер, 7-9 миңдей эл аралык мамилелер боюнча адис керекпи? Андан көрө кийинки жылы бизге канча предметтик мугалим керек, беш жылдан кийинки эсебин албайлыбы? Жалпы республикалык тестирлөө жана болон процесси дегендерди таштап. Билим берүүнү өзүбүздөгүнү дүйнөдөгү стандарттар менен ылайыкташтырбайлыбы. Бул жагынан прагматикалык саясат керек. Бул жагдайда айтыла турган сөз узун.

Кийинки дагы бир маселе – бул шайлоо системасын түп-тамырынан өзгөртүү жолун ойлонуу. Бул советтик системадан башкасын табуу жагы курултайда каралса. Ушул Бишкекте борбордо бир мандаттуу округдан шайлоону идеалдуу өткөрө албадык. Талапкерлер менен сүйлөшө келсек, көп акча кеткенин айтышат. Ушундан улам (бир топ жагдайларды эске алып жатам) конституциялык реформага баруу жагы да талап кылынат. Ага мүмкүн президенттик экинчи срок башталгандан кийин калың катмары катышып, көпчүлүктүн көксөөсүн суута турган болушу туура болот.

Кыргызстанда бүгүнкү күндөгү дагы бир көйгөйлүү маселе – бул дин маселеси. Дин маселесинде да курултай өзүнүн чечүүчү сөзүн айтат деп үмүттөнөм. Биз бардыгыбыз мусулманбыз, өз парзыбызды, вазыйпабызды билебиз, шариатты мүмкүн болушунча карманабыз. Бирок кийинки кезде эркек-аял дебей көөнө кыргызга мүнөздүү эмес шалбыраган узун көйнөк, узун сакал коюп, ал эми кыздарды көзүн эле калтырып, бүт карага чүмкөгөн балээ чыкты. Мен араб аалымдары менен көп сухбатташкан адам катары айтарым, бул туура эмес. Официалдуу мамлекеттик мекемелерде, орто жана жогорку атайын окуу жайларда кийим дресс-код менен болушу керек. Анткени Башмыйзамыбыз Конституцияда белгиленгендей, биздин мамлекет светтик мамлекет.

Булардан башка да бир топ олуттуу ойлор бир мезгили келгенде айтылар.


Жолборс Жоробеков 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер