Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Алтын Эркебаева: “Бектур Асановдун абалы күндөн-күнгө оорлоп баратат”

Алтын Эркебаева: “Бектур Асановдун абалы күндөн-күнгө оорлоп баратат”

10-январь, 19:30
719 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Алтын эже, жолдошуңуз Бектур Асанов 3-январда улуттук госпиталдын мээ травмасы менен айкалышкан бөлүмүнө которулуп, эки жеринен операция болору айтылган. Эмнеге бүгүнкү күнгө чейин ооруканага которулбай СИЗОдо жатат?

-Эмнеге которулбай жатканынын себебин мен да издеп жатам. Бектур жыгылгандан кийин саламаттык сактоо министрлигине, жазаларды аткаруу кызматына, акыйкатчыга, кыйноолорго каршы комитетке дарыланууга муктаж деп арыз жазгам. Мен арыз жазгандан кийин милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунан улуттук госпиталга дарыланууга чыгышы керек деп кат жазып беришкен. Ал каттын негизинде улуттук госпиталь 3-январда эртең мененки тогузга жаткырганы алып келсин дешкен. Кечээ ооруканага жаткырат го деген үмүт менен барсак, Бектурду СИЗОдон алып келишкен жок. Эмнеге алып барган жоксуңар?” деп СИЗОго барсам, “улуттук госпиталь бизге кат жөнөтүшү керек эле. Кат келген жок” дешти. Кайра улуттук госпиталга келдим. Алар “катты 28-декабрда эле жөнөткөнбүз деп көчүрмөсүн беришти. Кайсы тарап күнөөлүү экенин билбей жатам. Убакытты создуктурбай, Бектурду ооруканага жаткырып, дарылатпасам болбойт деп кечээ да СИЗО менен жазаларды аткаруу кызматына барып арыз жаздым. 

-- Жолдошуңуздун абалын биле алдыңызбы?

-СИЗОго бизди киргизбейт. Иш күн болбогон үчүн бүгүн адвокат да кире албайт экен. Өзүн көрбөсөм да, Бектурдун абалы күндөн-күнгө оорлоп жатканын билип эле турам. Анткени, анын оорусу оңой оору эмес. Бектур жаны кыйналганынан бир айдан бери ооруну сездирбеген укол менен жашап жатат. Өткөндө шаардык сотко эки дозаны сайдырып алып келди. Анда деле кыйналганда стулга жатууга аргасыз болду. Бектурду кыйнабай үй камагына чыгарып беришсе жакшы болот эле. Анткени, грыжасы моюн омурткасында болууда. Грыжа бир эмес, эки омурткасында экен. Врачка көрсөткөнүбүздө операция жасоо зарылдыгын айткан. Врач операцияны кечиктирүүгө мүмкүн эмес экенин, эгер жасалбаса, анын кесепети оор болорун да эскертти. 

Бектур оор операцияны баштан кечирүүгө аргасыз болууда. Бир жылдан бери күнөөсү жок эле абакта жатып, ого бетер кыйналды. Жок дегенде дарыланганга мүмкүнчүлүк беришсе жакшы болот эле. Азыр Бектурга бир күн эмес, бир мүнөт, бир секунд да маанилүү болуп турат. Бири-бирине шылтап, убакытты создуктура бербей, тезирээк ооруканага которушса болот эле. 

-Операция болсо, ден соолугу канча убакытта калыбына келет?

-Менимче, анын дарттан арылышына кеминде үч ай керектелсе керек. Анткени, операция оор болот. Негизи грыжадан операция болгондо Бектур узак убакытка ооруканага жатчу. Эмнеси болсо да эртерээк ооруканага которуп, тезирээк операция жасатууга мүмкүнчүлүк беришсе, жанын кыйнаган дарттан кутулат эле.

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер