Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Аялзаты айланасындагыларды кантип кызыктырып каратса болот?

Аялзаты айланасындагыларды кантип кызыктырып каратса болот?

23-август, 20:58
1 037 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Ар бир аял баардыгы аны кызыгып караганын каалайт. Ал үчүн сизден нур чачырап, жагымдуу энергия таралып турушу керек. Ал энергияны кайдан аларыбызды төмөндө айтабыз. Даяр болсоңуз, кеттик...

-- жакын курбуларыңыз менен көп кездешиңиз. Аялдар менен болгон мамиле аялдын энергиясын көбөйтөт жана эмоцияңызды чыгаруунун туура чечими;

-- психологдун жардамы керек болсо, жашы өзүңүздөн улуу аял кишини тандаңыз. Чоң апалар менен аңгемелешкен да жакшы. Эгер турмуш кура элек болсоңуз, үй-бүлөсү бар курбуларыңыз менен көп сүйлөшүп туруңуз. Бул сиздин келечек никедеги өмүрүңүзгө арнап жыйналган мол энергиянын кору боло алат;

-- мырзалардан көбүрөөк жардам сураңыз;

-- системалуу түрдө массажга барып, бий же йога менен машыгуунун жардамы көп. Болгону машыктыруучу аял киши болсун;

-- кыйкырып урушпаңыз, ал сиздеги мырзанын энергиясын көбөйтүп жиберет;

-- адамдарды көбүрөк тамактандырыңыз! Мисалы, күйөөңүздү, досторуңузду, жаныбарларды тамактандыруу аркылуу энергияны көтөрүүгө болот;

-- кайрымдуулук менен алектениңиз;

-- ар дайым үйүңүздө тазалык иштерин жүргүзүп туруңуз. Кереги жок, эски буюмдардан арылыңыз;

-- суу – аялдын энергиясынын көзү. Деңизге, көлгө, өзөнгө барыңыз, эч болбосо душка түшүп туруңуз;

-- сөз талашпаңыз, арызданбаңыз, салыштырбаңыз! Жумшак, мээримдүү болуп, өзүңүзгө жана башка аялдарга да жакшы сөз айта билиңиз;

-- үй гүлдөрүн өстүрүп, кол өнөрчүлүк менен алектениңиз.


 "Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер