Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Жол эрежесин бузса, унаасы конфискацияланат

Жол эрежесин бузса, унаасы конфискацияланат

28-октябрь, 16:14
624 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Үстүбүздөгү жылы Кыргызстандагы жол эрежесин бузгандарга айыппулду көбөйтүп, унаа көп өткөн жерлеге видео көзөмөлдөрдү коюшкан эле.

Бул Кыргызстандагы жол кырсыгынын алдын алуу, айдоочуларга жоопкерчиликти  көбөйтүүнүн жолу.

Кыргызстанга бул система быйыл гана кирсе, башка коңшу өлкөлөрдө бир нече жылдан бери иштеп жатат. Статистика боюнча башка өлкөлөрдө жол кырсыгы Кыргызстанга салыштырмалуу азыраак катталат.

Ал эми Казакстанда ичип алып, унаа айдагандарга талапты мындан да катуулатуу боюнча чаралар иштелип чыгууда. Казактардын айтымында Россия менен Белорусиянын тажрыйбасы мыкты болгондуктан тажрыйба алмашуу процесси жүрүп жатат. Казакстанда да автоунааны айдоочулук күбөлүгү жок айдагандардын саны арбын. Жол эрежесин бузгандар айдоо укугунан ажыратылса да кайра эле рулга отургандардын саны көп. Ошондуктан жол эрежесин бир нече ирет бузган айоочуларды автоунаасын конфискация кылуу каралууда.

Казакстандын ИИМ маалыматына таянсак, алар ушундай жол менен жол кырсыгынын, тартип бузуулардын алдын алышат. 

27-октябрда Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев мас болуп автоунаа айдагандарга карата талаптуу катуулатуу талабын койгон.

Эскерте кетсек, кыргыз номери менен Казакстанда эреже бузган айдоочуларга айып Бишкекке келет. 

Aryba.kg

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер