Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Шайлообек Дүйшеев: “Бүбүканга жетпей бирөө академик, экинчиси акын болуп кетти”

Шайлообек Дүйшеев: “Бүбүканга жетпей бирөө академик, экинчиси акын болуп кетти”

19-июль, 12:07
1 167 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Коронавирус илдетинен каза болгондордун саны бүгүнкү күндө беш жүздөн ашты. Тилекке каршы, каза болгондордун катарында “Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген ишмери”, “Азаттык Медиа” мекемесинин журналисти Бүбүкан Досалиева 62 жаш курагында 5-июль күнү аталган илдеттен каза болду. Маркумду кесиптеши, акын Шайлообек Дүйшеев эскерет. 

-- Агай, кыргыз журналистикасы үчүн оор жоготуулардын бири болду. Маңдай-тескей отурган кесиптешиңизден айрылуу оңойго турбаса керек?..

-- Бүбүкан жайдары, өзгөчө жан эле. Тамашалап, “сага жетпей бирөө академик болуп кетти, дагы бири сүйүү ырларын арнап жазып жүрүп белгилүү акын болду” десем, “сиз билбеген дагы бир тобу бар” деп күлүп калчу. Жумуштун майын чыгара жасаган, адамгерчилиги бийик кесиптешибизден айрылып калдык.  Бийлегенди жакшы көрчү, чогулуп калганда “жүрүңүз бийлейбиз” дейт, мен бийге жокмун да. “Сенин кымбат тонуңду эле кайтарып отурайын, кийин “тонумду эл акыны кайтарчу” деп айтасың” деп күлдүрөр элем. Көп жылдан бери Воронцовка айылында жашайм. “Ушул жакка көчүп келчи, абасы таза” деп көп айтып жүрдүм.  Акыры көнүп, балдары, абышкасы менен эски тамды сатып алып, оңдоп-түзөп атышкан. Ал үйгө киргенге үлгүрбөй калды... 

-- Акыркы жолу качан сүйлөштүңүз эле?

-- Ооруй элек кезинде сүйлөшкөм. Андан кийин Бүбүкан менен жакшы сүйлөшө албай калдым. Себеби, менде да ошондо оорунун алгачкы белгилери байкалып, дароо дарыланууга жаттым. Жатардын алдында Бурул Сарыгулова менен сүйлөшсөмБүбүканды ооруп атат деди. Алгач ооруп баштаганда эле Канттын ооруканасына жаткырышкан экен. Бирок, көп өтпөй эле суук кабар келди... Бир заматта ажалга алдырып ийип отуруп калдык. Жаз алды менен чүчкүрүп-бышкырып, “аллергиям бар деп калчу эле. Баарыбызда эле өнөкөт оору бар, бул шүмшүк вирус ошол талуу жерден алып тынат тура.


 "Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер