Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Ташкул КЕРЕКСИЗОВ: “Биздин убакыт келди!”

Ташкул КЕРЕКСИЗОВ: “Биздин убакыт келди!”

21-октябрь, 14:27
2 543 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Ташкул абамдын үйүнө бардым. Жаңылыктары жетиштүү экен. Жетимиштен ашса да кыймыл аракети тың, дале табында. Ириде Шамбала айылы, анан 12 жаштан 17 жашка чейинки балдар тууралуу кеп кылдык. Манас бабабыздын  күч-кубаты, сырдуу 8888 санын айтып берди.

-- Ташкул аке, Шамбала айылын курам дегендей болдуңуз эле?...  

-- Миңдеген жылдар бою улуу тоолордун койнунда жашап келген өзгөчө эл бар, ал – кыргыз эли. Биз бир ууч калк болсок да, журттун өзгөчөлүгү болгон “Манас” эпосун, түндүгүнөн нуру төгүлгөн бозүйүн, тумары болгон ак элечек менен ак  калпагын, арманы болгон күүлөрүн сактап келдик. Атаандаштыктын майданында жаңыча, чексиз ачылыштарды камсыз кыла ала турган жаш муундарды күүлөп, жаркын үмүткө үгүттөп, бүгүнкү доордун жаңы адамын мекенибиздин булуң-бурчтары болгон Чаткал, Ат-Башы, Жумгал, Ысык-Көл, Талас, Алайда ж.б. тоолор арасынан таап колдоо керек. Буларды туура багытка ээрчитип кетүү – улуу максат. 

Сырткы күчтөрдөн үмүт арткан саясат өз элинин күчүн төмөндөтөт жана алсыратат. Актанган, буйтаганды жакшы өздөштүргөн бюрократтардын доору аякташ керек. Тоо таянган айылдын жаштары – кыргыз элинин касиеттерин коргоочу күч. Учурда президенттин “өнүгүүнү региондордон баштоо керек” деген демилгеси түздөн-түз жаштарга тийиштүү. Шамбала айылын курууга мезгил келди. Кыргыз балдары жалпы адамзаттын тагдыр келечегине таасирин тийгизе турган иштерди жасашат. Ысык-Көлдөгү “Аалам Ордодо” курула турган Шамбала айылы жаш муундарды илимий техникалык жактан улуу секирик жасаганга шыктандырат деген үмүт бар. Мисалы, ал айылда бозүй жасай турган фабриканы өзүбүз курабыз. Өнөрчүлүк жолунда ыйык кереметке ээ – бул бозүй. Бирок, биз чыгарган бозүй өзгөчө кырдаалда (жер титирөө, кыян жүрүү, качкындарды жайгаштыруу) колдоно турган үй. Мындай үйдө айлап жашап эмес, жылдап жашаса болот. Баардык сырларын азырынча айтпай эле туралы. 2024-жылы Японияда боло турган бүткүл дүйнөлүк Экспого коёбуз. Өзүнүн арзан баасы менен жана кыйналып турган адамдарга ыңгайлуу жагынан бир да азыркы колдонуп жүргөн үйлөр атаандаштык жарата албайт.

“Биздин убакыт келди” деген түшүнүктүн дагы бири – кыргыз даамы. Бүгүн азыктануу же тамактануу акырындык менен башка түргө өтө баштай турган мезгил келди. Илимдин аныктоосу боюнча жер жүзүндө кара топурактуу, каймактуу жерлер дагы деле бар. Бирок, Түп районундагы Талды-Суу айылында мөңгүнүн суусу менен жер-жемиштерди сугаргандай мүмкүнчүлүктөрү жок. Демек, каймактуу, абасы таза жерде, таза суу ичкен жер-жемиштер, малдар биз үчүн дары тамак-аш болуп жана өтө кымбат оокат болуп баратат. Дүйнөгө жетишпеген дары чөптөрдү өстүрөбүз. 

-- Сөзүңүзгө аралжы, эмне үчүн өнүкпөй жатабыз? 

-- Өзүбүзгө ишенбей жатабыз. Ишенич үчүн үлгү керек. Талды-Суу айылынан баштайбыз.12 жаштан 17ге чейинки 36 бала 5 соткадан ата-энесинен уруксат алышат да, берген дары чөптүн уругун огородуна себишет. Андан башка айылдын тоо жак четинен (айыл өкмөт менен кошо тандап койгонбуз) 9 туристтик бозүй курулат. Төрт бала бир бозүйдү тейлейт. Бозүйлөр жайы-кышы иштешет. Эки жүз орундуу амфитеатр жасалат. Илгертен бери жаштарды каскадёрлук өнөргө үйрөтүп жүргөн профессионал эки бир тууган (Керим жана Баатыр) балдарга көмөк көрсөтүшөт. Көлдүн жээгинде эс алып жүргөндөр тоого суктанып карашат. Балдардын лагеринде орун жетпей баштайт. 

-- Анда кандай өзгөрүү болот? 

-- Мисалы, ХХ кылымдын залкары, хоккей оюнунун дарбазачысы Владислав Третьяктан кеңеш алып, керектүү оокаттарын ушул балдардын лагеринин бир четине орнотуп, муз куюп, духу бар төрт баланы төрт жыл шайбаны ыргыткан автомат менен машыктырып туруп, Канаданын НХЛ лигасына жиберебиз. Бул ойлорду жөн эле жомок дегендер да чыгат, ишенгендер да чыгат. Ишене тургандар үчүн дагы бир мисал: Шамбала айылынын 14 жаштагы балдардын ичинен биринчи окуучу кылып Ак-Талаа районунун Бает айылынын тургуну Элмырза деген баланы тандадык. 

-- Бул бала кантип тандоодон өттү? 

-- Чоң апасы Соң-Көлдө тиккен бозүйүнүн ичинде бизге чай берип отуруп небереси жөнүндө кеп салып калды. “Элмырзаны Бишкекке жиберип, чет тилди үйрөнсүн, интернет өздөштүрүп, билимдүү адам болсун деген чоң тилегимди жактырбай, “керек болсо мектепти таштап, тоодо жылкы багып байып, сенин баардык ооруларыңды айыктырып, ошол сага жаккан Бишкектен үй алып берем дейт” деди. Чынын айтсам, бул окуяга мен таңкалдым. Чоң апасы да, небереси да мени тиктеп, ишеним менен жооп күтүп калышты. Мен ошол жерден Элмырзаны колдодум. Жибек энеси күлүп, мага таарынган жок. Бул эки доордун адамдарынын тирешүүсү өзгөчө тоолук кыргыздар үчүн абдан терең, чоң философия! Элмырза 18 жашка чыгып, паспорт алып, шайлоо укугуна ээ болуп, Соң-Көлдүн атыр жыттанган жайлоосунда бир чоң үйүр жылкыны дрон менен кайтарып, өткөн доордо  Манас күчүн алып жүргөн улуу Сагынбай, Саякбай аталарыбыздын үндөрүн жаңыртып угуп турса – бул жаңы доордун күч-кубаты!

Тоо – кыргыз элинин тагдырына ыйгарылган, келечектеги кылымдарда баардык элдердин башынан өтө турган кыйынчылыктарда бизди сактап кала турган тоолор. Жаштардын эсине дагы бир ирет 8 жыл мурун айтылган “бактың да, байлыгың да, куралың да тоолор” деген ойду кайталап айтып коёюн. Биздин ата-бабаларыбыз улуу муз доорунда тоону мекендеп жүрүп Түндүк Америкага чейин жеткен. Ал жерде бүгүн да ыйык үн менен аталган “Манас-Таш” деген тоо турат.

-- 8888 санды атап өттүңүз, чечмелеп бербейсизби?

-- Ааламды башкарган күч-кубат – Манас! XXI кылымдын акыркы он жылында бул энергия үч жолу колдонулду. 

-- Кай жерлерде?

-- Үч өлкөдө. Биринчиси, 2008-жылы 8-айда 8-күнү, кечки саат сегизден сегиз мүнөт өткөндө, стадиондо светтер өчүрүлүп, эки миң добулбас бир көз ирмемде үн чыгарды. Бул – биздин убакыт келди, бизге көңүл бургула деген Кытай Коммунисттик партиясынын жемиштүү чакырыгы эле. Россиянын президенти Владимир Путин “бизди ири держава катары эсептебей, регионалдык өлкө катары эсептеп атасыңар” деп 2014-жылы кышкы олимпиаданы өткөрүп, орустар медаль жагынан сандык, сапаттыгы менен өмүрүндө албаган биринчи орунду алды. “Бизге терс караганды токтоткула, биз тирүүбүз. СССРдин күчү Россияда” деди. Үчүнчү  жолу, Манас энергиясынын күч-кубатын колдонуп отурукташкан адамзатты суктануу менен кыргыз элинин улуу каада салтын сыйлоо мамилеге өткөздү. 

-- Кечиресиз, саамал сүт боюнча айтып калчу элеңиз, дары чөп десеңиз эстеп кетип атам...

-- Нанотехнологияны биздин ата-бабалар илгерки заманда эле колдоно билген. Мисалы, адамдын денесин тазалай турган саамалды алалы. Деңиздин деңгээлинен бир миң метр жерге чейин бийиктикте саамалды Нооруз майрамынан 40 күн өткөндөн кийин 18 күн ичсе дары болот. Боом капчыгайында Замира деген келиндин саамалын ичип көргүлө. Ал убакытты өткөрүп ийсеңер Ысык-Көлдүн жайлоолорунда, андан да кечиксеңер Нарынга көтөрүлүш керек. Бул – илим. Дагы бир касиет – бул ким-кимге улуу тамактарды жасап берет? Биринчиси, эне баласына, жары сүйгөн күйөөсүнө жана түбөлүктүү досторго. Самаал касиеттүү дары болуш үчүн сүттү сабага куюп коюп, мөңгүнүн суусуна салып 96 саат “сабаш” керек. Нарындын Дөбөлү айылынын жайлоосунда жасалган сары май, Сузактагы Кара-Алма айылынын үстүндөгү Жапардын балы, Тогуз-Торонун тузуна сүрсүтүлгөн эт – булар эпостогу айтылган күлазык. Бул жылдын башында коомду өтө кызыктырбаган, бирок кыргыз улутунун тагдырына, келечекте өзгөрүү алып келе турган президенттин указы менен Манас жана Айтматов академиясы ачылды. Эпосто жана Айтамтовдун чыгармаларында жаратылыш менен жан-жаныбар табиятын адамдын жашоосундагы маңызы уюп жатат. 

Жаштар – жарала элек келечек муундардын ата-энеси. Буларды Манас духу менен сугаруу керек. Эпостун жарымы калп да, жарымы чын деп тамаша мүнөздө аталганы менен накта сыры эки сөздүн аркы жагында катылган. Ишенбегендерге Саякбай ата “атаңдынгөрү дүнүйө” деп кайталап турчу. Кыргыз баласынын генинде жаткан ыйык касиеттерди арак ичилген тойлордо, чаң баскан сахналарда, так айтканда, Бишкекте ойготуу кыйын. Ай жаңырганда ыйык Ысык-Көл, Соң-Көл, Чатыр-Көл жээктеринде, улуу аска тоо этегинде Жараткандан берилген таланттуу манасчылар айтс, кыргыз тилин билбеген чет өлкөлүктөр угуп кубанып, “кандайдыр бир кубаттуу күчкө ээ болдум” деп ыраазы болушат. Бул чындык. 

Улуттун намысын көтөрүү үчүн мындай иштерди көп жолу жасаганбыз. Ала-Тоонун киндигинен алыстап жүргөн жаштарыбызга Ысык-Көлдө кийинки жылы курула баштай турган Шамбала айылынын эшиги ачык. Төрт жылдын ичинде бул айылдын мүчөсү 8888 жаштардан түзүлөт. Бизге ишенгендер үчүн дарегибиз интернетке жарыяланат.


Сурат ЖЫЛКЫЧИЕВ 

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер