2020-жылдын соңунда 130 миллион адам ачарчылыкка кабылышы мүмкүн

БУУ Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын аткаруучу директору Дэвид Бизли “эгерде азык-түлүк коопсуздугун азыртадан камсыздабаса, адамзат коронавирус инфекциясынан улам массалык ачарчылыкка кабылышы мүмкүн” деп эскертти. Бул тууралуу “РИА Новости” агенттиги аталган уюмдун сайтына шилтеме кылуу менен кабарлаганын Zaman сайты жазды.
“Эгер азыртан даярданбасак жана аракет кыла баштабасак, биз бир нече айдан кийин Инжилде айтылгандай масштабдагы ачкачылык менен бет келишибиз ыктымал”,-деп билдирди ал.
Бизди мындан кутулуш үчүн бир нече чараларды көрүүнү сунуштады. Ал 350 миллион долларды дүйнө боюнча гуманитардык жардам жеткире турган логистикалык борборлордун түйүндөрүн түзүш үчүн камдоону жана гуманитардык көмөктү кайсы өлкөгө болбосун тоскоолдуксуз өткөрүүнү өтүндү.
“Биринчи кезекте бизге тынчтык керек”,-деп айтты аткаруучу директор.
Буга чейин БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын эксперттери 2020-жылдын соңунда дүйнөдө 130 миллион адам COVID-19дун кесепетинен улам ачарчылыкка кабылышы ыктымалдыгын эскертишкен.











